Жолдо…
(аңгеме)
Айлана өзгөчө жарык боло калганынан эки-жагын караса, аэропортко жакындап калышкан экен. “Эмнеге самолёт ойго келбеди, билет карасак болмок да?” деп ойлоду. Чын эле самолёт менен баралы, билет карайлы деп ойлоно албаптыр. Аялы деле айтпаптыр. Асмандагы жанып өчүп аткан кызыл жарыктар көңүлүн алагды кылды. Так машиненин маңдайынан жогорто көөдөй караңгыны жиреп эки самолёт кайчылаш өтүп баратыптыр.
–- Самолётторду кара, – деди, жанында телефон чукулап бараткан аялына. Анысы телефондон башын көтөрүп, асманды карады да:
– Ии, бири жаңы көтөрүлүптүр, бири конгону ылдыйлап бараткан экен, ээ? –деди.
– Бирөөлөрдүн сапары башталды, бирөөлөрдүн сапары бүттү, демек…
Жолго чыккандарына эки саатка жакындап калса да, болгон сүйлөшкөндөрү ушул болду. Кайрадан ортону жымжырттык басты. “Кап, самолётко билет караган ойго келбептир да… шашып…”, – деп кейиди. Аялы унчуккан жок. Бул жол эми оңою менен арбыбайт го… Түн кирип бараткангабы, бир тараптан чарчоо, бир тараптан уйку басып кыйналып баштады. Алдыда дагы он эки сааттык жол бар. Ушул жолдон ал далай эле ары-бери каттады. Алыс жолго чыкканда ар дайым музыка коюп алчу эле, бүгүн аны да кыла алган жок. “Баарыбызды таштап, кайдагы ата-бабаң көрбөгөн шаарга кетип баратасың. Сага бирдеме болсо, биз сени издеп барбайбыз”, – деген ага кызы, апасы, жалгыз карындашы. Бир жолу эле эмес, далай жолу ушинтип эскертишкен. Бирок аларды уккан жок. “Мага эч качан эч нерсе болбойт”, – деп койчу. Мына эми бүгүн аларды өзү издеп баратат.
Аялы да андан бетер тунжурап жолду тиктеп үн-сөзсүз. Аны менен сүйлөшүп, алаксып баргысы келди. Бирок ал ойго батып, телмиргенден телмирет. Өзү бирдеме деп сөз баштагандан айбыкты. Сөз баштаса эле качанкы өткөн окуяны айтып, беттен алчудай туюлду. “Ал деле азыр ошол окуяны эстеп баратса керек” деп ойлоду.
Мындан он жыл мурун: “Сени үй-бүлөм менен тааныштырам. Айылыма баралы, апамдын, тууган-уруктун батасын алалы”, – деп аялын айылына ээрчитип барган. Туулганы ал чөлкөмдү көрбөгөн неме көңүлү элеп-желеп болуп, жол бою бежиреп сүйлөп барган, анда. Бир кайненесине алган белегин айтып, бир кайынсиңдисине алган белегин мактап, бир дасторконун айтып көңүлү шат болчу. Өзү да карыган апасын, үй-бүлөсүн таштап шаарга кетип калгандан тартып, айылга каттай элек эле. Кичи мекенине болгон сагынычы көкүрөгүн кытыгылап, айылга кантип кирерин, канча күн жүрөрүн кыялданып атып бат эле жеткендей болгон.
Бирок баары алар ойлогондой болгон жок. Апасы аларды короодон үйгө киргизбей күтүп алды. “Карааныңды көзүмө көрсөтпө!”, – деди уулуна. Заматта коңшу-колоң, тууган-урук чогулду. “Мобул даагириңди (“шуркуя” деген мааниде, авт. түш.) кайдан апкелсең, өзүң да ошол жакка жогол! Сизге келин апкелдим деп коет, арсыз. Мага келин имиш, менин келиним бар. Сен мени таштап кеткенде, мени ошол келиним бакты. Менин көзүм тирүү турганда, Каныкей жетелеп келсең да кабыл албайм!” – деп албууттанды. Апасынын сөзүн карап турган тууган-урук да коштоду, туура көрдү. Эл арасынан мурунку аялына, кызына көзү түштү. Аялын алдакачан эле төркүнүнө кетип калды деп уккан, кайра келип алгандыр, балким, кетпегендир, ким билсин?
Апасынын деле өзүнө нааразы экенин билчү. Бирок “эне да, кайда барат эле, бактылуу экенимди көрсө сүйүнөт, эмне үйдөн кууп чыгат беле?” – деп ойлоп, алдын ала кабар бербей барган. Мындай болору түк оюна келген эмес. Жетелеп барган аялынын көзүнчө сынып, жети өмүрү жерге кирип, кайра шаарга кайткан. Андан кийин айылы жөнүндө, тууган-туушканы жөнүндө “лам” деп ооз ачпай, тилин тишине катып жашады.
Бүгүн деле аялына эчтеке айткысы келген жок. Бирок, каякка барарын, эмнеге барарын айтышы керек эле да. Кантип айтарын билбей көпкө буйдалды. Жолго чыгарда даярданып алайын деп, жумуштан келип душка түштү, сакал-мурутун алды. Телевизор көрүп отурган аялына:
– Айылдан кабар келди, апам каза болуптур, – деп угузду
– Эмне?
Аялы алгач чочуп ордунан тура калды да, эмне кыларын билбей саамга селейди. Анан аны кучактады. “Кайрат кыл, бейиштик болсун” деп, моюнунан жыттады. Көзүнө жаш алды. Эне деген эне да… Бир кыйла тунжурап отурду.
– Мен жолго чыгайын эми, – деди уруксат сурагансып, аялына бирдеме айталбай тургансып мукактанды.
– Мен да даярданайын.
– Сен… Сен барасыңбы?
Барбай эле кой дегиси келди дилинде.
– Барам да, – деди аялы чечкиндүү үн менен. – Сени жалгыз жибермек белем? Ушунча жолду… Апаң…
Аялы сөзүн аягына чыгарбай туруп, буюм-тайымдарын салыштырып, даярданып кирди.
* * *
“Шаардагы досторума кабар берип койсомбу” деп ойлоду. Эч ким деле барбаса керек алыс жерге. Бирок баары бир ким бирөөлөргө кабар бергиси келип, бир досуна телефон чалып, жолдо кетип баратканын, апасы каза болгонун, бир жумадай жок болорун айтты. Дагы бирөөгө чалып ушундай эле таризде сүйлөштү. Үчүнчү кишиге чаларда аялы: “Башыңды бир аз оор карма, ар кимге чала бербей. Бир кишиге чалдыңбы калганы угат, өздөрү чалат”, – деп урушту.
Анан эч кимге чала албай, унчукпай жолду тиктеп кете берди. Апасы жөнүндө ойлогусу, аны эстегиси, жоктогусу келди. Бирок аны көмүш керек, ырым-жырымын жасаш керек, тууган-урук эмне дейт, өлгөндө келгениңден эмне пайда? – дешеттир деген ойлор басымдуулук кылып атты.
– Бир жерден банкомат көрсөң, айтчы, – деди аялына. – Акча чыгарып алышым керек. Жанымда көбүрөөк акча турсун. Кап, союшу, тасмалы, жыртышы деп отуруп бир топ чыгым болот го, – деп кейиди. Атайын үнүн бек чыгарып айтты. Анысы, аялым да билсин, даяр болсун дегени эле.
– Аны ойлонбо, өлүм каадасы сенин мойнуңда эмеспи, – деди.
Аялына ичинен ыраазы болду. Болбосо, ошондо апасы аны кандай гана боз ала кылып жолго салды эле. Ошончо элдин көзүнчө “даагир” дегеничи.
– Дагы жакшы, мүрзөсү даяр, – деди. Муну ичинен эле ойлоп бараткан жанатан бери. Анан аялына айткысы келдиби, оозунан чыгып кетти.
– Кандайча мүрзөсү даяр?
– Атамдын үстүнө көмөбүз да.
– Кандайча атаңдын үстүнө көмөсүң?
– Ушундайча эле, атамдын мүрзөсүн казып…
– Мүрзөсүн ачыппы? – деп аялы сөзүн жула качты. Ал мындайды өмүрүндө укпаган окшойт. Ага бул тууралуу такыр ооз ачпаса керек. Анын үстүнө өлүм-житимге деле такыр каттабайт эмеспи. Экөөнүн ортосунда бул тууралуу сөз болбоптур.
– Ооба, мүрзөсүн ачып, атамдын сөөгүн бир чекеге жылдырып, апамды көмөбүз.
– Эмнеге, ошо кантип болсун?
– Бизде жер жок да, улам жаңы мүрзө каза бергидей.
– Неге жер жок?
Аялы башка планетага түшүп калгансып аңырайды.
– Жер болсо да кымбат. Мурда эле отуз миң, кырк миң эле мүрзөлөр, азыр асмандын башы болуп кеткендир…
– Койчу? Мүрзөлүк жер сатылабы?
– Сатылбай анан. Бизде шаардагыдай жер кенен эмес. Мүрзөнүн арасында жер бардыр, бирок ал кымбат да. Бир үйдүн баасы болсо керек.
– Койчу?! Анан ошентип биринин жанына бирин көмө берсе болобу?
– Болот, мынтип көмүп келатканыбызга көп жыл болду.
– Койчу, мен мындайды биринчи угушум.
– Албетте, биринчи угасың, шаарда жер кенен. А бизде кайдан, жер жок да, – деп оор үшкүрдү.
– Неге силерде жер жок?
– Чек арада жайгашкан айылдарда жер жок, түгөндү. Кокту-колоттун баарын коңшу өлкөлөргө сатып жүрүп, жер тарып кеткенине көп болбодубу. Тарып отуруп үй салганга эмес, мына мүрзөлүк жер калбады акыры. А адам дегениң өлгөндө да өз айылында, киндик каны тамган жеринде жаткысы келет экен да.
– Тообо, ошончолукпу, ыя?
– Ошончолук болгондо да кандай. Атамдын бизге калтырган байлыгы ошо мүрзөсү болду. Өзү жер бекер кезде өлүп, жер ээлеп коюптур. Мына эми урматын көрүп атабыз. Адил деген таякем бар дебедим беле?
– Ии, былтыр Адил таякем өлүптүр деп кейип келгенсиң. Ошолбу?
– Ооба, ошол өлгөндө жер жок, бир туугандарынын үстүнө көмөлү десе, биринин өлгөнүнө эки жыл, да бирине төрт жыл, да бирине жакында эле башка бир жакын тууганын кошуп көмүшкөн экен. “Беш-алты жыл өтө элек, мурунку сөөктөр чирий элек” деп, ачтырышпаптыр.
– Анан?
– Анан менин атамдын жанына көммөй болушуптур.
– Анан?
– Анан апам көнбөй коюптур. Төрүмдөн көрүм жакын отурам, атаңарга башка мүрзө тапкыла деп, бала-чакасын урушуптур.
– А эмне башка бирөөлөрдү да көмө берсе болобу?
– Жакын тууганы болсо. Бир тууганы, баласы, кызы, аялы-күйөөсү. Мисалы, мен өлсөм, атам менен апамдын жанына көмүлсөм болот. Карындашым да. Байкуш карындашым калган өмүрүн эми ошол мүрзөнү кайтарып жүрүп өткөрөт го, апамдан бетер.
– Сенин айылыңда өлөлүчү?
– Эмнеге?! – деп чочуп кетти.
– Өлгөндө да чогуу болот экенбиз, – деп жалооруду аялы. Анын бул сөзүнө жүрөгү жылыды.
– Апаң көнбөсө керек, ээ? Менин келиним бар деп, мени ал жакта да кабыл албай койсо керек?
Аялы оюн-чынга аралаш таарынычын айтып алды. Жолката ошол окуяны эстеп келаткан экен деп ойлоду. Анан анын көңүлүн жубатып:
– Келини, күйөө баласы көмүлбөйт, – деди.
– Сен да өлгөндөн кийин туулган жериңде жаткың келеби?
Аялы эми олуттуу суроо берди.
– Туулган жеримде жаткым келсе, тырышып ошол жерде жашамакмын да. Мага баары бир.
– Эмнеге?
– Билбейм. Өлгөндөн кийин кайсы жерде жатканыңдын эмне айырмасы бар? Мени шаарга көм.
Аңгыча телефону шыңгырап калды. Кызы экен.
– Алло, кызым?!
– Эмне болду, каерге жеттиңиз?
– Эрте менен жетсек керек, кызым.
– Жетсек?! Эмне тигиниңиз да келатабы?!
– Ооба.
Кыска жооп берди. Эмне дээрин билбеди.
– Апамчы? Туугандар эмне дейт, эл эмне дейт?
– Билбейм, эмне десе ошо десин. Бара көрөрбүз, – деди да, кызы менен коштошту. Баарын уктубу же баамдадыбы аялы эч нерсе деген жок. Экөөнүн ортосун кайрадан оор жымжырттык басты… “Бара көрөрбүз!” – деди, өз сөзүн өзү кайталап. – Бара көрөрбүз…

Азаматсың.
Отттттттоооооооооо соонун таасирдуу жазыптырсыз эже❤️