Сур эчкини кууганда
(аңгеме)
Машине зуулдап тоо аралап баратты. Кандай гана сулуулук! Тоолор менин жаным менен кошо бүткөн сыяктуу сүйөм. Ак мөңгүсүн, таштан ташка урунуп бышкан сууларын, көк тиреген зоокаларын, куштарын, жан-жаныбарларын, аска боорун жарып чыккан гүл, чөптөрүн, таза абасын айтпай эле коёюн, сайда жаткан ташында да касиет бар го. Чет өлкөдө эс алгандан көрө какыраган сайдын ташын карап отурган өйдөрөөк мен үчүн.
Эсиме эски бир окуяны салып турган ушул тоолор. Бири-бирине чиркелишкен кербен төөлөрүндөй чубалып, керилип жатканын кара…
Александр деген тааныш бала бар эле, бир буту протез. Документте Александар, биз Саша деп коёбуз. Көп сүйлөбөгөн, жибектей созулган жакшы жигит. Окууга жаңы тапшырган кез. Өзүм болсо келечектеги медикмин. Практикада ооруканаларга барабыз. Биз үчүн баардыгы кызык. Мисалы, дудук досторум бар эле. Угуучу аппарат менен жүргөн жигитти карап калдым ооруканада. Ошо жигит аркылуу тиги балдар менен тааныш болуп калгам. Кол жаңсап сүйлөгөндөрү эле болбосо баары жакшы балдар болчу. Саша менен да ошо жактан таанышкам. Кээ бир тааныштарымдын укпаганы, же көрбөгөнү өзгөчө деле көрүнө бербейт мага. Бардык досторума бирдей мамиле жасап, түз эле сүйлөшөм. Ошондонбу, айтор, досторум да көп.
Кечээ:
– Айнур, мени менен Токтогулга барып келчи. Досуң Гуляныкына барып, таза бал алып келеличи, – деп калды. Гуля өзү да көптөн бери үйүнө чакырып жаткан “келип кет” деп, эч сааты чыкпады эле.
– Эртең бошмун, барса барып келейин, – деп макул болдум.
Эртеси эртең менен мени жатаканаман келип алып кетти. Студенттер үч кабат “общягада” жашайбыз. Таң азан элдин тынчтыгын бузбайын дедиби, айтор, машинесин пипилдетпей келип, токтоп калды. Уктабай жаткан элем, кийине калып эле чыктым.
Жолдо бир жерге кайрылып шам-шум эттик, бат эле жеттик. Анча-мынча ыр чиймелей койгон, жаркылдаган досум бар, адатынча жаркылдай тосуп чыкты. Аны алып алып атасыныкына бардык. Атасы атайы аары кармаш үчүн кадимкидей боз үй тигип алып жайлоого чыккандай – гүлзар өрөөнгө чыгып кетет экен. Эми бир укмуш экен бул жер. Карап эле отура бергиң келет. Гүлдөр кол менен айдап койгондой көз жоосун алат.
Гулянын чайы да кайнады аңгыча, жаңы боорсок менен чай ичтик. Куурдагы да келди.
Эртең окуу да, болбосо калып калат элем. Он беш күндөн кийин кайра келип, жүрүп кетмек болуп жолго чыктым. Досум болбой жатып, мага да бал салып берди. Накта бал укмуш болот экен, жыты бир буркурайт десең. Өзү эмес чыныгы балдын жыты да дары деп уккам. Чын эле, ушул жыт дары эле болот. Мээ аралап, өпкөнү өрдөп кетти го. Саша кичине флягага толтура бал алды.
Кара-Көл тарапка жакын экен бул жер, тоо аралап кеткен баягы жолдор менен кайра кайттык. Тектир-тектир болгон, бир жери көгүш, бир жери кызгылт-каралжын тарткан аска-таштуу тоолор. Көзүмдү албай карап бараттым. Бир жерге келсек көпкөк гүлдөр жол жээгинде жайнап калыптыр. Муну түшүп карабасам болбойт го, Сашага айтып, машинени токтотуп, сыртка чыктым. Гүлдөрдү эңкейе берип жыттап, колум менен акырын сыладым. Үзгүм келген жок. Ушул азгангактай өмүрдү булар да күтөт да. Жашасын. Жарыктыкты көрсүн.
– Гүлдөр, мынча сулуусуңар? Ким жаратты силерди? Силерди жараткандын өзү канчалык сулуу анда?
Булар жансыз эмес, жандуу. Сүйлөсөң угушат.
Көпкө отурдум. Байкабай калыпмын, бизден алыс эмес жердеги таш үстүндө бир жигит отуруптур. Баятадан бери биз тарапты карап отурган экен. Чабан окшойт. Жана тээ алыстан көргөнбүз – эчкилер жайылып жүргөн. Бул жерде көбүнчө эчки багышат окшойт. Бизди карап турганынан улам:
– Саламатсызбы? – деп учураштым.
– Саламатчылык, – деди ал да баш ийкеп. Айланага көз чаптырдым. Эчкилер жүрөт жер жайнап. Өтө эле көп экен.
Чабан жигит дале биз тарапты карап турганынан улам суроо узатып калдым:
– Ушул эчкилердин баары сиздикиби?
– Ооба.
– Ушунча көп эчкини биринчи көрүшүм.
Ал жооп кайтарган жок. Оюма бир нерсе кылт эте түштү. Таш үстүндө отурган жигитке жакыныраак басып келдим.
– Байке, эчки сатпайсызбы?
– Сатам.
Бул кыз эчкини эмне кылат деп деле ойлогон жок, кебетеси жанагыдай эле катыган.
– Сатсаңыз, канчага сатасыз?
– Бир жарым миң.
– Канча?
Жакшы укпай калдым. Үч жарым миң дегендей угулду. Эчкилердин баасы 4 миңдин тегереги болуп жаткан. Аны каяктан билет элем мен, апама эчкинин сүтү дары дегенинен улам сураштырып билип алгам да.
– Сизге бир жарым миң.
Мен унчукпай калдым. Эчкилердин алды кырдан ашып кетти.
– Эчкилериңиздин алды кырдан ашып кетти го, – дедим кабатырлана.
– Кете беришсин. Ошентип, кенен оттошкону жакшы.
Өзүмдү эстеп кеттим, атам колхоздун коюн бакчу. Өлүп калган койлорго акти түзгөнү бир айда бир жолу айылга түшөөр эле, ошондо бир короо кой апам экөөбүзгө калчу. Кээде, өзүм кайтарып калчумун. Тызылдап эле чуркап, койдун астын кайрый берет элем. Өзгөчө жазында баштарын жерге салып алып эле шүдүңдөшүп кете беришчү адамды күйгүзүп. Кичинекеймин да кээде, ыйлап алат элем. Кой дегенди өлө жаман көрөм ошондон кийин.
– Саан эчки алайын дегем, – дедим тигини карап. Ал баш ийкеп койду.
Жанымда болгону миң сомум бар. Калганын тиги Сашадан сурап турам да.
Миң сом десем деле макул болгону турат, бирок антким келген жок. Жылмайбаган, сенек болгондой каткан неме экен өзү.
Машиненин терезесин сүртүп жаткан Сашанын жанына барып:
– Мага 500 сом берип турчу, шаарга барганда берем, – дедим акырын. Тиги чабанга байкатпай берсе экен деп турдум ичимден. Ал бизден көзүн албай карап турганын желкем менен сезип турам. Ошонун көзүнчө тигинден акча алгым келбей жатыры. Эмне деп ойлоп калат? Деги, эмне деп ойлоп жатты экен өзү?
Кебетесине караганда жакшы ой деле келген жок ал немеге. Эмнеге ушинте беришет? Эркектер менен бирге жүрүп, же сүйлөшүп койсо эле жаман ойлой беришет. Эмнеге? Тигил чындап эле мен жөнүндө жаман ойлоп жатабы, же жакшы ойлоп жатабы бир Кудайдын өзү билет, бирок мен өзүмдүн оюма өзүм ишенип алып, туталана түштүм.
Ал мени мокочо көрүп турат бир болсо. Периштедир, балким, деп ойлосо болбойбу, ыя? Бирөөлөргө жардам берип жүргөн жумшак жүрөктүн ээсидир деп ойлосо болбойбу?
Ичимен сүйлөнүп, тигини көздөй акырын басып бараттым. Ал дале жанагы калыбында бизден көзүн албай тиктеп отурат. Аны карап туруп аз жерден артка кайтып жибере жаздадым. Апамды эстеп гана токтолдум.
– Мына акчаңыз, – деп акчаны тигинин колуна салдым. Колдору таштай катуу, күчтүү экен. Ал мени бир карап, орус баланы бир карап коюп ордунан шашпай турду.
Жайылып жүргөн эчкилерге кол жаңсады:
– Танда.
– Тандабайм. Тандай албайм. Өзүңүз тандай бериңиз.
Мулуң эттим. Тигинин мустайган жүзүн жылмаю аралап өттү. Ии, жылмаят экенсиз го дедим ичимден. Ал ошол жылмайган боюнча эчкилерин аралай жөнөдү, аркасынан ээрчидим. Бир бозгуч агышынан келген татынакай сур эчкини шап шыйрагынан кармай колундагы жип менен тушап, желкесине артты. Бой келбеттүү неменин басканы да оор басырык экен, шашпай баратты алдыда. Өмүр бою ушу тоолордо жашаган неме болсо керек. Эмгекчил экени көрүнөт. Ал желкесине көтөрүп келаткан сур эчкини машиненин ачык турган багажына абайлай салды.
Биз кош айтышып, андан ары жол уладык. Мен кайрылып артты караган жокмун. Күзгүдөн ал жигиттин бизди карап турган караанын көрүп турдум ыраакка чейин. Биз бурулганда гана көрүнбөй калды.
Эки чакырымча жол жүрдүк. Бир убакта машинебиз кыйшайгансып, дөңгөлөк тараптан кырт-кырт деген башкача үн чыгып калды. Токтодук. Дөңгөлөк жарылыптыр. Аны алмаштыргыча дагы канча убакыт, багажда кысылбастан сыртта оттоп турсун деп эчкини чыгарып койдук. Бутун да бекем байлаптыр жанагы неме, бир аз бошотуп койдум.
Өзүм ары бастым, абанын тазасы ай! Кере-кере дем алып айлана-тегерекке көз чаптырам. Керемет! Мындай жерде жашаган киши өлбөйт. Ылаажы болсо мен да жашайт элем ушул жерлерде. Кетпейт элем эч жакка. Чын, кетпейт элем.
Көптөн кийин дөңгөлөк алмаштырып жаткан Александрдын жанына басып келдим.
– Смотри, Саша – вон там пасется одинокая коза, – деп коём тиги төштө оттоп жүргөн жалгыз эчкини кол жаңсап көрсөтүп.
– Похоже, это наша коза, – деди тиги. Карасак чын эле биздин эчки жок. Небак эле бошонуп оттоп кетиптир, байкабай калыптырбыз да.
– Сейчас я догоню.
– Скорее всего, догнать не получится, – деди тиги машине менен алек болуп. Аны укпай эле шашкан боюнча өр талаша чуркап жөнөдүм.
Мени класста күлүк кыз деп коюшчу. Кыздар эмес балдар да калып калчу жарышканда. Күлүк дагы, күчтүү дагы элем. Бийлегенден да, жүгүргөндөн эч чарчачу эмесмин, эмнегедир. Бийлегендин чарчатпаган бир эле сыры – жандүйнөңдүн бийлегени. Жаның бийлесе – денең чарчабайт экен. Бийлеп жатып таң атырган күндөр болду го. Жүгүрүү деле ошондой, бир калыпка келип алсаң шамал жиреп кете бересиң. Узакка чуркаганыңда эки кулагыңа шамалдын анан көкүрөгүңдөгү жүрөгүңдүн дүк-дүк, дүк-дүк деген бир калыпта согуп жатканы гана угулуп калат.
Тоо беткей жүгүрүп келаткан мени көрө сала эчки да секире берип, безип жөнөдү. Таштак, шагылдуу жерде чуркоо бир топ оор экен, ага карабай кууп бараттым. Эки-үч тоону ашып да кеттик. Бир жерге келгенде көкүрөгүм ачышып, токтоп калдым. Карасам, эчки да токтоду. Эс алып алып кайра куудум, ал дагы качып жөнөдү. Сур эчкини кууп бараткан Кожожаштай эле болдум. Тээ кичине кезибизде апам окуп берчү эле бул эпосту. Кино көрүп жаткандай элестетип угаар элем. Ошол айтылуу Кожожаш мергендин камалып калган Авлетим аскасы ушул мен турган жерден көп деле алыс эмес, машине менен үч сааттык жол. Нары өтүп, бери өткөндө алыстан карап өтчүмүн заңкайган зоокаларды. Бир жолу атайын баргам. Машине жеткен жерине чейин машине менен барып, андан ары бир топко жөө басканбыз. Чын эле камалып калгыдай аска экен. Бир кезде жаныма бир карыя басып келди. Баласы менен келген экен, көпкө баарлашып туруп калдык.
– Аман палван деген эл үчүн күйгөн баатыр болгон. Корбашы деп туура эмес айтып жүрүшөт, эл үчүн жанын берген ал киши. Өзүнүн эле жанында жүргөндөр алдап чакырып, кызыл аскерлерге салып берген. Ошондо менин чоң атамды “сен кет, жашсың” деп качырып жиберип, өзү тигилерди алаксытып, колго түшүп берген экен. Менин чоң атам жаш болсо да оң колу болгон экен Аман палвандын. Жөн эмес эт туурагычы болуптур. Этти чачыратып туурап, кандай гана жарыш болсо да утуп кетчү экен.
“Каапырлар элге курал колдонуп аткылап жатканда, төшүбүздү тосуп, биз чыкканбыз”, – дечү эле чоң атам. Аман палван секирген жарлар да бар оо жакта. Кадимкидей эле тике жар. Ошончо бийик жерден секирип кеткен экен.
Ошо чоң атам Кожожаш камалып калган ушул Авлетим аскасы жөнүндө да көп айтчу. Алар да ушул аска, тоолорду аралап, эл үчүн күрөшкөн да.
“Кожожаш сур эчкини ушу жерге чейин кууп келет. Кокустан эле коюу туман түшүп, эч нерсе көрүнбөй, Кожожаш кыймылдай албай калат. Кандай туман түшсө, ошондой эле бат эле таркап кетет баягы коюу туман. Кожожаш эки жагын каранса эле аскада камалып калган. Бир чыгып кете турган жылчык, ылаажы жок камалып калган. Жанааракта сур эчкини кууп келген баягы жолу да жок, көрүнбөйт. Жалама зоока жан алчудай гана заңкайып турган болот”, – деп бир топко сүйлөп берди эле.
Менин сур эчким да таштан-ташка секирип, мен жүгүрсөм жүгүрөт, мен токтосом ал да токтоп, азгырыктай болуп алдыда баратты. Бул тоолор кыргыз баласы үчүн коргонуч да болгон экен да. Бул тоолор ак кар, көк муз мөңгүлөрүн уютуп, кыргыз үчүн, адам баласы үчүн, жандыктар үчүн агын дайраларды агызып берген экен да. Бул тоолор – Үлуу Өмүрдүн, Улуу кылым, доорлордун жазмышы, жазылыш күбөсү болгон экен да… Тоолорум менин. Кагылам сенден, тоолорум…
Биз машинеден аябай эле алыстап кеттик. Адашып кетем деген ой келген жок мага. Сур эчкини кууп жетишим керек. Анын сүтү апама дары.
Артка чегинбей, көгөрүп, көшөрүп сур эчкимди кууп баратам. Биз дагы эки тоону ашып кеттик. Эчки экөөбүз тең чарчадык. Бир убакта экөөбүз тең токтодук. Алдыбызда тик өйдө чыккан асман тиреген карала зоока турду. Ой-бууй, буга чыгып андан ары ашып кетчү болсо жетпей калам го. Жок-жок, жетишим керек. Айлана тегерекке дагы бир сыйра көз чаптырдым. Адамдан амал качып кутулбайт эмеспи, арга издедим. Тээ төмөн жак чытырман бадал экен, бул жакшы. Эчкини бирдеме кылып ошол тарапка айдаш керек энди. Бадалга кептеп кармабасам болбойт, чарчап кеттим. Бул болсо токтогон сайын оттоп, өзүнө келип алат экен. Бадалга камалып калганда кууп жетип кармап калыш керек. Мындан башка арга жок.
Эчкини чоочутпай артты көздөй акырын жыла бастым. Аркы бетке чыгып, тик өйдө жогорулай, эчкинин алды тарабын утурлай чыктым. Эчки мени көрдү.
– Чек! Кош эй, чек! – деп зоо жаңырта кыйкырып, таш ыргыта баштадым. Үстү тарабынан таш ыргытып жатканым үчүн, эчки төмөндөгү бадалды көздөй мант берди. Ушуну гана күтүп аттым эле, жайылып жаткан капкара майда шагылга секире берип, төмөндү көздөй зуулдадым. Кичинебизде шагылдан агып түшүп ойночубуз. Бирок, бул өтө эле көлөмдүү, чоң шагыл экен. Ошентсе да тобокелге салып, шагылдын үстү менен төмөн чуркадым. Күүлдөп жылган шагыл мени өзү менен алып, агып жөнөдү. Бир кадамым үч кадам болуп, тездик менен жүгүрүп бараттым. Шагыл үстүнөн адам лыжа тепкендей тез кетет.
Ак шайы көйнөгүм менен төбөмө байланган узун чачым шамалга желбирей, учуп бараттым. Сенин учканыңа тоо дагы, таш дагы жардам берип жатса канат байлайт экенсиң, кулагыма шамалдын үнү, көкүрөгүмдөгү жүрөгүмдүн дүк-дүк, дүк-дүк эткени гана угулат. Болгондо да жогордон төмөндү көздөй тип-тик шукшурулуп барам.
Менден качкан Сур эчки бадалга келип, кептелип калды. Мен бар аракетимди кылып шагылдан бутумду тартып, четтей жүгүрүп, эчкини басып жыгылдым.
– Маа, маа-а.
Тоо жаңырган үн чыкты.
– Эмне? Эмне маарайсың? – дедим кышылдай.
– Акылсыз мал, менден эмнеге качтың? Жебейм го сени…
Экөөбүз тең чарчаппыз, ошол калыбыбызда кыймылдабай көпкө жаттык.
Бир топтон кийин көйнөгүмдүн курун чечип, эчкинин бутун жакшылап чырмай тушадым. Энди чечилбейт, аяп болбойт экен да муну.
“М-м” де, энди кантип көтөрүп кетем? Бирок өзүмө ишенем, көтөрүп кетем. Мейли, эң башкысы эчки колдо. Өзү кичине көрүнгөн менен лык оор экен, ары таштын үстүнө алпарып, эчкини бийиктеп жаткырып, өзүм эңкейе берип желкеме арта салдым. Жакшы болду, энди кете берем. Желкеге көтөргөн оор нерсе да жеңил болот.
Сур эчкимди кармап алганыма кудуңдап, бир топ жерге басып койдум. Энтиге чарчап кетип, эчкини желкемен түшүрүп отура кеттим. Саша акылдуулук кылып жол менен жогору жыла берсе го, антпейт да. Келсе таппай калат деп ордунда турат болуш керек.
Аңгыча, аттын бастырып келаткан дабышы угулду. Карасам, жанагы чабан жигит экен. Отурган ордумдан козголгон жокмун, өтүп кетсе экен деп атам оюмда. Ахыбалымдан тартындым. Уялдым дагы эмнегедир. Мен уялганда унчукпай, кыймылдабай да коём. Тигил түз эле мага келаткандай атын тез-тез бастырып алган. Отура бердим ордумда.
– Качырып жибердиңерби? – деди тиги аттан түшүп.
– Ийи.
– Сенин кубалап келатканыңды жана көрдүм, антип-минтип келгиче кармап алган турбайсыңбы.
Жана сиз деп жатат эле, бу сапар сен деп сүйлөдү.
– Кантип көрдүңүз? – дедим таң калып.
– Дүрбү салып отуруп, кокустан көрүп калдым.
– Аа.
– Кел, атка минип ал.
– Жок, жок, кете бериңиз, мен өзүм эле жетип алам. Александр келе жатат болуш керек.
– Ал жок, жолдо да көрүнгөн жок. Силер алыс кетип калдыңар, өзүң жетпейсиң. Мени укпай эле бир колуман кармап барып атка мингизди. Өзү эчкини оңой эле желкесине таштай көтөрүп алды.
– Мен сага таң калдым.
– Эмнеге?
– Эчкини кууп жетип, кармап алганыңа.
– Сиз деле жетмексиз. Сиз деле жетмексиз апаңызга эчкинин сүтү дары болсо.
Ал мени шарт бурулуп карап калды, көзүмдүн кыйыгы менен көрүп турдум.
Башка сүйлөшкөн жокпуз.
Бир топ жол баскандан кийин:
– Келиңиз, сиз минип, эчкини өңөрүп алыңыз. Мен жөө эле басам. Мага жөө баскан жагат гүлдөрдү карап, – деп анын уруксатын күтпөй эле аттан түштүм. Ал да унчуккан жок. Эчкини өңөрүп алып артта келатты. Мен тез-тез басып алдыга кеттим. Бир топ алыс кеткен экенбиз, көптөн кийин жеттик. Саша аксаңдай биз тарапты көздөй сүйүнүп чуркап келатты. Аны биринчи жолу көрүп тургандай тиктеп эле калды тиги. Аксап басаарын билген эмес окшойт.
– Я так волновался, место себе не находил от тревоги! Но ты всё-таки добралась. Ты молодец!
Тиги эчкини жерге түшүрдү, өзү да түштү.
– Жакшы бар карындашым, – деп колум кысты. Колума жанагы акчаны кошо карматты.
– Албайм. Жок, жок албайм, – дедим чок баскандай кетенчиктей. Тиги эчкини жерден так көтөрүп машиненин багажына салды да, атына шарт минип, камчы басты. Аты ордунан аткан октой зыр-р эте жөнөй берди. Буга эмне болду? Саша экөөбүз бир-бирибизди тиктедик. Багажды жабалы деп карасак эчкинин жанында бекем мыжылган, салаалардын изи түшүп калган акча жатыптыр…
