Антон Чехов: “Белек”
(Китепке басылбай калган аңгемелеринен)
(аңгеме)
Арзыган кызынын туулган күнүнө белек кылгысы келген жигит көпкө ойлонуп отуруп, сүйгөнүнө кооз булгаарыдан тигилген, чыканакка чейин кийиле турган колкап тартуулоону чечет. Өзүнүн бир тууган эжесин белекти тандашууга көмөктөшүүсү үчүн ээрчитип, аялдардын буюмдары сатыла турган дүкөнгө барат да, өзү каалаган колкапты сатып алат. Ошону менен бирге, эжеси да өзүнө бир түгөй ич кийим сатып алат. Сатып алынган баштыктарды үйгө жеткиргенде экөө алмашып калат да, жигит сатып алган колкап эжесине калып, эжеси сатып алган ич кийим жигиттин сүйгөнүнө мына мындай жазылган кат менен кошо белек болуп кетет:
“Ардагым менин! Сизге белек жиберип жатып, сиздин туулган күнүңүздү унутпаганымды далилдегим келди. Мен ал күндү эч качан эсимден чыгарган эмесмин. Бул белекти сатып алып жатып, сиз ага чын эле абдан муктаж экениңизди ойлодум. Аны мага сатуучу кыз өзү үч жумадан бери чечпей кийип жүргөнүн айтты. Абдан кызыгы – ал үч жумадан бери кийип жүрсө да, эч бир жерине так түшүп кирдебептир. Мен буларды өз колум менен сизге кийгизсем, кандай сонун болмок. Ооба, мен сизге жолукканча көптөгөн адамдар муну кармалап көрүшөрү ичимди бир аз ачыштырат. Буларды кийип, көрсөтүп берүүсүн өтүнгөнүмдө, сатуучу кыз кубаныч менен көрсөтүп берди. Ага да абдан жарашып калат экен. Сиздин дене өлчөмдөрүңүздү так билбесем да, кийинчерээк жакшы билип каларыма ишенем. Ошондой эле кийип чечкениңизде, сөзсүз желдетип турбасаңыз, дайыма кийилип жүргөндүгү үчүн булар нымдалып каларын сатуучу мага эскертти. Ошондой эле жууганда чечпей туруп жуубасаңыз, булар кирип, тартылышып, кичирейип каларын дагы айтты. Бул белекти мен сизге кандай сезимдер менен тартуулаган болсом, сиз да ошондой эле сезимдер менен кабыл аларыңызга ишенем. Сиз буларды жума күнкү боло турган бий аянтчасына кийип барышыңызды абдан каалар элем. Анткени сиздин кийип турганыңызды өз көзүм менен көрүүгө ушунчалык куштармын. Мен буларды сизге жиберер алдында канча жолу арт жагынан өпкүлөп туруп жибергенимди билген болсоңуз! Баса, сатуучу дагы эскертти: буларды кийгенде сыдырмасын анчалык катуу бекитпей, бир аз бошураак кийиңиз. Сизге болгон жылуу сезимдеримди билдирип жана бул кийимдердин ичиндегини кумарлануу менен кыялымда өөп, сизди сүйүп, урматтаган менден деп билиңиз!”
Которгон Кулмат Тукеналиев
