Ги де Мопассан: “Шуру”
(аңгеме)
Бул тагдырдын тамашасындай болуп кээде мансапка умтулган чиновниктердин үй-бүлөсүндө туула калчу ажарлуу, татынакай кыздардын бири эле. Анын себи да, келечекке үмүтү да жок эле, кайсы бир бай, жакшы чөйрөдөн чыккан адам аны менен таанышып, ашык болуп, аялдыкка алат деген кыялына да келчү эмес, ошондон уламбы, элге билим берүү министрлигинде иштеген майда бир чиновник колун сураганда ошол замат эле макул болуп ага турмушка чыгып кеткен.
Тыңгылыктуу кийим алганга каражаты жок болгондуктан Матилда жупуну кийинип жүрчү, бирок өзүн кол тийгис төмөн катмардан чыккандай бактысыз сезчү. Бирок аялдар үчүн ак сөөктүк да, тектүүлүк да болбойт, башкысы, аял сулуу, келбеттүү жана татынакай болсо кандай бүлөдө болбосун туулганга, үй-бүлөлүк артыкчылыктарга укуктуу боло берет. Айжаркын сулуулук, зирек акыл, кылдат табит – карапайым элден чыккан кыздарды таанымал, тектүү айымдарга теңей турган бирден бир тепкич да, сапаттар да мына ушулар.
Матилда өзүн бапыраган байгер, гөзөл жашоого туулганмын деп сезгендиктен, жону жука турмушуна намыстанып, абдан эле азап чегип жүрдү. Өзүнүн алачык өңдөнгөн үйүнөн, анын жылан сыйпагандай кунарсыз жылаңач дубалдарынан, эски отургучтардан, өңү өчкөн пардаларынан арданганын айтпа. Айтор, анын чөйрөсүнө таандык башка аялдар таптакыр байкабаган нерселер Матилданы чексиз азапка салып, дайыма ызага муунтуп тураар эле.
Алардын жупуну чарбасын жүргүзгөн кичинекей кызматчы аялдын кебетесин карап туруп эле күйбөгөн жери күл болуп, кыялдары эзели ишке ашпасын түшүнчү. Басса турса байлыкты күсөгөн ургаачы кургурдун түшүнө дайыма эшиктерине чыгыштын кымбат баа кездемелери тартылып, бийик көөнө коло салгычтарга сайылган шамдар менен жарытылган кире бериштеги үнсүз мемиреген тынчтык, ысык мештер бүрккөн жылуулуктан ныксырап, мамык креслолордо үргүлөгөн жибек байпакчан суру ыйбаа малайлар кирээр эле. Өзгөчө асемдеп кылдат колго жасалган, бетинде баа жеткис майда-барат буюмдар чачылган үстөлчөлөр турган оймо-чиймелүү асыл баа кездемелер тартылган кенен салондор, атыр жыты буркураган, – ал жакта чай үстүндө бир эле карап койгону ургаачы атмайдын көөнүн делбиреткен зыңгыраган атактуу мырза досторду кабыл алышат, – конок бөлмөлөр кирчү түшүнө.
Үйүндөгү алжапкычы бетине үч күн мурда жабылган тегерек үстөлгө түшкү тамак ичүү үчүн күйөөсүнүн маңдайына отурат, күйөөсү шорпо куюлган табактын капкагын ачып жатып, кубанганынан: «Оо, капуста сорпобу! Мындан артык тамак болобу!» – деп кыйкырган чакта, келин байкуш тунжураган калыбында кылдат жасалып даамы таңдайда эриген тамактар, жылтылдаган күмүш мискейлер, дубалдары байыркы баатырлар, чытырман токойдогу сыйкыр куштар менен кооздолгон шуудур жеңил, түстүү гобелен-таарлар туурасында кыялданып отураар эле; жука фарфорго салынып берилчү не бир чүйгүн, не бир кылдат даамдар, кулакка шыбыр айтылып, колуңдагы айры менен форелдин же илбээсиндин канатынын кызгылтым этинен илип атып сырдуу жылмаюу менен укчу не бир сыпайы сөздөр туурасында кыялга батып отурчу.
Анын дурусураак кийими да, тагына турган кымбат баа буюмдары да, дегеле ырыстуу эч нерсеси жок эле, бирок өмүрүндө жанынан артык көргөнү ушул буюмдар болчу, өзүнүн бул жарыкка кыялындагыдай жашоого жаралганын сезчү. Ээ-жаа бербеген эңсөөсү алып учуп, кимдир бирөөлөргө жаксам, суктандырсам, коомдо ийгиликке жетишсем, башка аялдар ичтери күйүп турса дегенде эки көзү төрт эле.
Кез-кезде ал кечилканада чогуу тарбияланган, эми турмушу бардар курбусунукуна барып турчу, аныкынан кайткан сайын маанайы суз тартып, эзиле азаптанганынан экинчи ал жакка барбайм деп карганып да жиберчү. Анан күн бою чексиз кайгыга бата, өзүнө өзү боору ооруп, кылаарга аргасы жоктугунан көз жашын көлдөтүп ыйлап отурчу.
Бир күнү кечинде күйөөсү башкача шаңыраңдап кирип келди да ага чоң конвертти сунду.
– Ме, алчы муну, – деди, – бул сага күтүүсүз белек.
Аял конвертти шак эле тытып, ичинен карточканы сууруп чыкты. Анда мындай деп жазылыптыр:
«Билим берүү министри жана Жорж Рампонно айым Луазель мырзаны жана айымды 18-январь дүйшөмбү күнү министрликте өтө турган кечеге катышып кетүүнү өтүнөт».
Күйөөсү күткөндөй, аялы кубанганынан так секирген жок, тескерисинче, кабагын карыш сала чакырууну үстөлгө ыргытты.
– Мунун мага эмне кереги бар, бай болгур?
– Бул эмне дегениң, кымбатым, мен сени абдан кубанып калатко десем. Сен эч жакка барбайсың, ошондуктан мындай учур сен үчүн абдан сонун да. Мен бул чакырууну эптеп атып араң алдым. Ал жакка элдин баары эле баргысы келет, бирок каалагандын баарын эле чакыра бербейт да, мындай билетти мага окшогон майда чиновниктер да ала албайт. Сен аякта эң жогорку мансаптагылардын баарын көрөсүң.
Келин күйөөсүнө заар көзү карап алды да, итиркейи келе бурк этти:
– Аякка эмнемди кийип бармак элем? Кийгенге эч нерсем жок!
Бул күйөөсүнүн оюна келбесе керек, ал күңкүлдөдү:
– Жанагы театрга кийчү көйнөгүңдү кие бер да. Сопсонун эле го менимче.
Анан карай салса аялы ыйлап кирген экен, шаабайы сууй, эмне дээрин билбей туруп калды.
– Эмне болду сага? Эмне? – деди тутугуп.
Аялы өзүн араң басып, көз жашын сүрттү да жайбаракат жооп узатты:
– Эч нерсе. Менде кийгенге бир дурус кийим жок, демек, мен бул кечеге бара албайм. Билетиңди аялы мага караганда түзүгүрөөк кийинген кесиптештериңдин бирине берип салчы.
Аргасы куруган күйөөсү аны эптеп көндүрмөккө жанталашты:
– Уксаң, Матилда. Сен жакшы деген көйнөк деги канча турат, аны кийин да кие берсе болобу? Арзаныраагы табылабы?
Келин унчукпай калды, баасын укканда жүрөгү түшкөн битир күйөөсү чалкасынан кетип, алып бербей койбосун дегенчелик кылып, оюнда анын чыгымын эсептеп кирди.
Акыры эсебин чыгарды да жайбаракат жооп узатты:
– Так канча болорун билбейм, бирок менимче ага төрт жүз франк жетмек.
Күйөөсүнүн өңү кубара түштү: анда мылтык сатып алам деп чогултуп катып койгон так төрт жүз франк акчасы бар эле. Жайында достору менен Нантеранын чет жакасына аңчылыкка чыкмак, алар дем алыш сайын торгой атып келмекке ошол жакка жөнөшчү.
Болору болду дедиби, анан минтти:
– Мейли, төрт жүз франкты мен сага берейин. Бирок көйнөктүн жакшысынан сатып алганга аракет кыл.
Бал болоор күн жакындап келатты, каалаган көйнөгүн алганы менен Луазель айымдын дагы эле кабагы ачылбай, өзүн коёрго жер таппай атты. Бир күнү кечинде күйөөсү сурап калды:
– Эмнеле болуп атасың? Таптакыр эле башкача болуп калдың го?
– Менде бул көйнөктүн көркүн ачаар бир да асыл баа буюмум жок. Элге шылдың болбой, ушул кечеге барбай эле койсом жакшы болмок, – деди ал.
Күйөөсү моюн бергиси жок:
– Жакаңа тирүү гүлдөрдөн кыстарып ал. Азыр кышында бул абдан жарашыктуу да көрүнөт. Болгону он эле франкка эки-үч сонун роза сатып алса болот.
Аялы да бош келбеди:
– Кереги жок, барбайм… бай аялдардын арасында куучуйган кедей катын болуп көрүңгүм жок. Андай кордукка чыдабайм.
Күйөөсү ошондо момундай акыл айта салбаспы:
– Келесоо экенсиң да! Жанагы курбу досуң Форестье айымга бар да, алтын-күмүштөрүңөн бир экөөсүн бере тур деп сурап көрбөйсүңбү. Жакын досуңго, кантип жок десин.
Муну уккан аялы сүйүнгөнүнөн кыйкырып жиберди:
– Туура айтасың! Оюма келбегенин кара.
Аялы эртеси күнү эле курбусу Форестье айымга жетти да арманын ортого салды. Тиги болсо айнек шкафка басып барып андан чоң кутуну алып чыгып ачты да Луазель айымга сунду:
– Каалаганыңды тандап ала бер, кымбаттуум.
Ал адегенде билериктерди, андан кийин берметтерди, анан укмуштуудай жасалган венециандык алтын таштуу крестти көрүп чыкты. Күзгүнүн маңдайына туруп алып, бирде мунусун, бирде тигинисин тагып көрүп, буюмдардан таптакыр ажырагысы жок, кайра бергиси келбей, эки анжы бойдон тура берди.
– Дагы эмнең бар? – деп сурап да жатты.
– Баары эле бар. Издеп көрө бер. Сага эмне жагаарын мен билбейм да, – деди курбусу.
Ал аңтарып атып бир оокумда кара атлес кутуга салынган укмуштуудай бриллиант шуруну сууруп чыкты. Эңсөөсү ээ жаа бербей, жүрөгү түрсүлдөп чыкты, ошол замат жакасы бийик көйнөккө тагып көрдү да, өз турпатына өзү суктаганынан күзгүнүн маңдайында катты да калды. Анан коркконсуп, акырын абайлай сурады:
– Мага ушуну эле бере аласыңбы?
– Албетте, ала бер.
Терисине батпай кубанган Матилда курбусунан мойнуна асыла кучактап, бетинен чолпулдата өпкүлөп жиберди да, асыл баа буюмду ала чуркаган бойдон артына кайтты.
Бал өтө турган күн да келди. Анда Луазель айымдын жетишкен укмуш ийгилигин айтпа. Сымбаты келишкен, ажарлуу, куунак көңүл, кубанычына мас айым элдин баарын тамшантып оозун ачырды, айымдардын ичинен да эң эле сулуусу да ошол эле. Эркек атмайдын баары андан көзүн ала албай, ким экенин сурамжылап, ыгы келе калса эле таанышсак деп ынтызарланып атышканы. Кызматы боюнча өзгөчө тапшырма аткарган мансаптуу чиновниктер аны менен гана вальс бийлеп жатышты. Алтургай, аны министрдин өзү да байкады.
Сүйүнүчтөн акылын жоготкон жаш келин баарын унутуп салып, бийге ышкысын сала жан дили менен берилип чимирилип жүрдү, аялзатынын жүрөгүн эриткен сулуулуктун шаңы менен салтанатына, туш-туштан жааган изги каалоо тилектерге, астыртан суктана баккан көздөр менен кулагына аяр айтылган кумарлуу ширин сөздөргө мас болуп, башынан бутуна чейин бак таалайдын булутуна ороно, чексиз ыракатка балкып, таман астындагы жерди сезбей, абада каалгып жүргөнсүдү.
Экөө зыяпат кечеден таңкы төрттө чыгышты. Күйөөсү тээ түн оогондон тарта эле дээрлик ээн калган залдын бир бурчунда, үлпөт отуруштун жыргалына ойда батып жаткан аялдарын кыялбаган эки-үч чиновник менен үргүдүлөп отурган.
Кетээрде күйөөсү далысына кооз бал көйнөккө түк коошпогон карапайым жупуну жамынчыны жаба койду эле, келиндин жети өмүрү жерге кирип кеткендей боло түштү, моюндарына жылтылдаган кымбат баа жакаларды салынып жаткан башка аялдар байкай электе бул жерден тезирек качып кеткиси келди. Бирок Луазель мырза аялын токтотту:
– Коё турчу, эмнеле шашып атасың? Суук тийбейби сыртка чыкканда. Тура тур, мен фиакр (Европада шаар тургундарын ташыган ат кошулган чүмбөт араба) таба коёюн.
Матилда аны уккан жок, чуркаган бойдон тепкичтен ылдый түшүп кетти. Сыртка чыгышса жакын жерде араба жок экен, алысыраактан улам зуулдап өтүп жаткан арабкечтерден сурап коюп, унаа издеп жөнөштү. Дайра жээктей суналган чоң жолго жеткенде экөө тең калчылдап үшүп чыгышты, талаада калгыр арабадан дагы эле дайын жок. Акыры Париждин көчөлөрүнө түндө гана чыкчу, силкинсе чачылып кетчүдөй шалдыраган арзан баа экипаж жолукту, мындайлар өзүлөрүнүн кунарсыздыгынан тартынып, күндүзү чоң көчөлөргө чыга алышпайт.
Араба аларды Мартир көчөсүндөгү үйүнө жеткирди да, экөө унчукпай өйдө чыгышты. Аял үчүн жыргалдын баары ушуну менен бүткөнсүдү, күйөөсү болсо эртең мененки саат ондорго министрликтеги жумушуна барышы керек экенин ойлоп баратты. Байкуш келин үйгө киргенде эски жамынчыны ийнинен сыйрып ыргытты да күзгүнүн маңдайына тура калып, өзүнүн турпатына дагы бир жолу көз чаптырды. Ошол замат кыйкырып жиберди. Мойнундагы шуру жок эле.
Чечинип аткан күйөөсү бурк этти:
– Дагы эмне болду?
– Магабы… мен… Форестье айымдан алган шуру жок.
Эси чыга түшкөн күйөөсү ордунан атып турду:
– Кандайча жок! Бул эмне дегениң? Андай болушу мүмкүн эмес!
Экөө издеп киришти, көйнөктүн, жамынчынын бүктөлгөн жерлерин, болгон чөнтөктөрүн аңтарып чыгышты. Бирок шуру эч нерсе табылган жок. Күйөөсү:
– Биз кетип баратканда шуру деги мойнуңда беле, эсиңдеби? – деп сурады.
– Ооба, бар болчу, министрликтин чыга берерде кармалап көргөм.
– Эгер көчөдө кетип баратып түшүргөн болсоң, анда укмакпыз. Демек, ал жанагы түшүп келген арабада калган турбайбы.
– Ошондой го. Номурун эстеп калдың беле?
– Жок. Сен да караган жок белең?
– Кайдан.
Айттырбай келген кырсыктан экөөнүн тең шаабайы сууп, телмире тиктешип туруп калышты. Анан Луазель мырза кийине баштады.
– Барып жанагы жөө баскан жолду карап келейинчи, табылып калаар.
Луазель чыгып кетти, аялы болсо жарыкты да күйгүзбөй, бал көйнөкчөн бойдон иреңи кубарып, турган ордунда селейе катты.
Күйөөсү эртең мененки жетиде кайтып келди. Эч нерсе таппаптыр. Анан ал полицияга, андан ары гезиттерге барып жоголгон буюм тууралуу жарыя берди, арабакечтер топтошуп турчу жерде да болду, – айтор, курган үмүтү кайда айдаса, ошол жактын баарын кыдырып чыкты. Аялы болсо экөөн капылет келип баскан үрөй учурган кырсыктан дал болуп, күн бою акыйып күтүп отурду.
Көздөрү киртейип өңү купкуу, суй жыгылчудай болгон Луазель үйгө кечинде, шуру эмес таш балекет жок шалдырап араң келди.
– Курбуңа кат жазып кой, – деди ал, – кутунун кулпусун сындырып алып, оңдогонго берип койдум де. Ушинтип эптеп убакытты созо туруудан башка арга жок.
Матильда ал айткандай кат жазды. Апта аягында алардын үмүтү биротоло үзүлүп, беш жылга карый түшкөн Луазель мырза:
– Жоголгон буюмду ордуна коюш керек, – деди.
Эртеси күнү алар шурунун кутусун алып, анын тышына аты жөнү жазылган зергерге барышты. Ал кардарлар жазылган китептерин бир сыйра аңтарып чыкты да:
– Бул шуруну мен сатпаптырмын, менден кутусун гана сатып алышыптыр, – деди.
Ал анткен соң кайгы басып сарсанаага баткан экөө так ушундай шуру издеп, улам бир зергерден бир зергерге кыдырып жөнөштү.
Пале-Роялдагы бир дүкөндө так эле жоголгон шуруга окшош буюмду табышты. Баасы кырк миң франк экен. Алсаңар отуз алты миңге беребиз дешти. Алар дүкөнчүдөн бул шуруну үч күнгө сатпай кармап туруусун өтүнүштү, бирок кокус жоголгон шуру февралдын аягына дейре табылып калчу болсо, анда сен өзүңдүкүн кайра отуз төрт миң франкка аласың деген шарт коюшту.
Луазелдин атасынан калган он сегиз миң франкы бар эле. Жетпегенин карыздамай болушту.
Ошентип ал ар кимден миң, беш жүз, эки жүз, жүз, жадагаласа, элүү франктан чогулта баштады. Алган чоң акчаларга тил кат жазып, мойнуна итке мингизе турган милдеттенмелерди иле берди, ар кандай сүткорлор, карызга насыя бергендер менен таанышууга мажбур болду. Өлөөр өлгөнчө төлөй албас карызга белчесинен батып баратканын, андан дегеле кутула албасын түшүнүп турса да, кара башын каптап келаткан муктаждык менен руханий азаптан мөңкүрөп калса да үч күндө жаңы шуру сатып ала турган отуз алты миңди таап келип дүкөнчүнүн алдына таштады.
Луазель айым шуруну Форестье айымга жеткирип барганда ал нараазылана минтти:
– Эмнеге муну мынчалык узак убакытка кармадың, өзүмө да керек болуп атты эле да.
Шуруну алып атып анын кутусун ачкан да жок, курбусу так мына ошондон коркуп турган. Алмаштырып койгонун байкап калса эмне деп ойлоп калмак? Балким ууру деп калмакпы?
Жоголгон шуруну ордуна коюп курбусунан кутулганы менен Лаузель айым итке минген кедей турмуш кандай болорун мына ошол күндөн тарта өз жонунан өткөрө баштады. Тагдырга моюн сунбаска арга жок. Эми тоодой үйүлгөн карызды төлөш керек. Төлөйт да, кайда бармак эле. Адегенде эле үй кызматчысынын акысын берип жолго салышты, батирди алмаштырышты – чатырдын так түбүндөгү мансардага ижарага чыгышты. Үй тирлиги канчалык оор эмгек экенин, көңүлгө көк таштай тийген ашкана түйшүгү деген кандай болорун назик айым эми билди. Майланышкан карапа идиштерди, кастрүлдөрдү, табак мискейлерди жууп атып, асемдеп караган кызгылтым тырмактарын сындырды. Күн сайын шалпылдата кир жууп чайкап, анын баарын жипке илет, кудайдын куттуу күнү таштандыны алып чыгып төгөт, суу ташыйт, чатырга жеткенче эки-үч ирет эс алып отуруп араң өйдө чыгат. Карапайым кара таман элден чыккан аялдай кийинген айым колуна себет алып, базар аралайт, бир жерден сүт, башка жерден нан, анан да жашылча, эт сатып алат, жарыбаган акчасынын бир тыйынын болсо да үнөмдөп калмакка жан алы калбай соодалашат, кээде дүкөнчүлөр менен тытышып да кетет.
Ай сайын карыздын бирин төлөп, экинчисин жаңылап, үчүнчүсүн арыраак жылдырып туруу керек эле. Күйөөсү да түнү менен иштейт, акысын алып коммерсанттардын эсеп-чотун тактап берет, кээде ар бир бетине беш сантим (тыйын) төлөгөн кол жазмаларды түнү бою кайрадан жазып чыгып, уктабай да калат.
Азап менен муңдан, кемсинүү менен жер карагандан баш чыкпаган мындай шоркелдей жашоо он жылга созулду. Он жыл ичинде алар болгон карыздарын төлөп кутулушту, алтургай, кадимки эле каракчылыктан айырмасы жок ченемсиз өсүп кеткен үстөк пайыздардан бери чып-чыргасын калтырбай төлөштү.
Мадам Луазель бул жылдар ичинде айдай жамалы күлдөй оңуп, ажарлуу жүзүн бырыш басып кыйла карый түштү. Туурасынан жооноюп, үнү дарылдаган орой, кадимки эле кедей бүлөлөрдүн кожейкесинен айырмасы болбой калды. Баягы тыкыйган сыны жок, чачтары иретсиз саксайган, юбкасы бир жагына чоюла кыйшайган, колдору тынымсыз кара жумуштан туурулуп, дүлөйгө айтып аткансып бакыра сүйлөгөн, полду шалтактата ысык суу менен өзү жууп турчу жүдөгөн кара катынга айланып калды. Күйөөсү жумушта болуп, өзү көр тирликтен азга болсо да бошой калган учурларда Матилда терезенин түбүнө отуруп алып, өзү элдин баарын оозун ачырган, татынакай болгон баягы унутулгус бал өткөн кечени бир көргөн жакшы түштөй эстер эле.
Жанагы кара баскан шуруну жоготуп албаганда жашоосу кандай болор эле? Ким билет? Жашоо дегениң ушундай кылтыйма, ойт берме экен да! Адамды аман алып калуу же аны сындырып таштоо көрсө бат эле турбайбы.
Бир жолу апта бою бели бүгүлбөй иштеген соң дем алыш күнү эс алып, сейилдеп келгени Елисей талаасына барып ал жактан кичинекей баланы жетелеп бараткан аялды көрүп калды. Бул Форестье айым эле, ал түк өзгөрбөй, баягы эле бойдон жапжаш да, сулуу да экен.
Аны көрүп Луазель айым толкундана түштү. Барып сүйлөшсөбү? Албетте. Карыздын баарынан кутулган, эми ага баарын айтып берсе да болот. Эмнеге анте албасын.
Ага жакын басып барды.
– Кандайсың, Жанна.
– Ия, кечиресиз, айым, сиз адашып калдыңыз окшойт.
– Жок. Мен Матилда Луазелмин.
Курбусу эси оой кыйкырып жиберди:
– Бечара Матилдам, сенсиңби, киши тааныгыс болуп калгансыңго!
– Ооба, сени менен акыркы жолу көрүшкөндөн бери жашоо ушундай болуп калды. Мен абдан кыйналдым… муктаж болдум… анын баары сенин айыңдан!
– Менин айымдан? Кандайча?
– Сен мага министрликтеги балга тагып бар деп берген шуру эсиңдеби?
– Ооба, эсимде. Эмне экен?
– Мен аны ошондо жоготуп алгам.
– Кандайча? Сен кайра алып келип бербедиң беле?
– Мен башкасын, бирок так эле ошондой шуруну кайтарып бергем. Анан биз он жыл бою ошо шуруну сатып алган карызды төлөдүк. Башыбыздан кандай азап өткөнүн, таптакыр итке минип калганыбызды сен түшүнөсүңбү. Эми ал азаптын баары бүттү. Мен буга канчалык кубанып жатканымды сага айта албай да турам.
Форестье айым каккан казыктай селейе түштү.
– Мен берген шурунун ордуна башкасын алдык дейсиңби?
– Ооба. Сен аны байкабай да калган турбайсыңбы? Ал деле так эле сеникиндей.
Матилда муну айтты да маашырлангасып жайдары жылмайып койду. Толкунданган Форестье айым аны эки колунан мыкчый кармады.
– Байкуш Матилдам менин! Менин сага берген бриллианттарым жасалма эмес беле! Анын баасы ашып кетсе беш жүз эле франк болчу.
Которгон Бахтиер Шаматов
