Колунда бар алтындын баркы жок

5/5 - (2 добуш)

(аңгеме)

Коңшу айылда бир абдан жоомарт даанышман карыя жашайт деген сөздү көп уккан бир жесир аял күндөрдүн биринде ошол карыядан жардам сурамакчы болуп жолго чыгат.

Сураштырып отуруп карыянын үйүн таап барат да каралашаары жок жесир үрүп чыгар ити жок жакыр экенин айтып жардам берүүсүн өтүнөт.

Карыя аялдын кучагында наристесин өөп аялга мындай дейт:

– Мен сага каалашынча алтын берейин. Бирок мен жасаган жакшылыгым үчүн сөзсүз бир нерсе алам. Сенден арзыбаган эле нерсе сурайм – мага балаңдың бир манжасын эле бер, – дейт.

Аял карыянын өтүнүчүн адегенде тамаша катары кабыл алат. Бирок карыянын олуттуу көз карашынан сестенип, баласын бооруна кысат.

– Мага балаңдын буттарынын эле манжасы жетет, мен өзүм дарыгермин, эч оорутпай эле кесип адам, – деп баланын буттарын кармайт карыя. Карыянын бул жоругуна таң калып, бир чети андан чочулаган аял артка кетенчиктейт.

Береги карыя бир чоң табак алтын алып келип, эсин жыя албай турган аялга сунат да:

– Мен тырмагына деле ыраазы болом, ал кайра эле өсүп калат эмеспи, – дейт.

“Акылынан айныган неме го”, – деп ойлогон аял сыртка чыкканча шашат.

Ошондо карыя мындай деген экен:

– Тырмагын да бир табак алтынга алмашпаган казынаң бар туруп, “жакырмын” дейсиң да! Кучагыңдагы бала сенин казынаң эмей эмине! Болгону аны түшүнүшүң керек, – деп күлө караган экен.

Эх, десең, ырас эле, колунда бар алтындын баркын билбей жүргөндөр канча?!

  • 1979-жылы Токтогул шаарында төрөлгөн. Учурда Бишкекте жашайт. Бала кезинен буту ооруп үйдө.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген