Лев Толстой: “Кара өрүктүн сөөгү”
(аңгеме)
Энеси түштөн кийин балдары үчүн кара өрүк сатып алды. Кара өрүктү табакка салып койду.
Кайнаалыны эч качан көрбөгөн Ваня кара өрүктү искеп-жыттады. Кара өрүк ага аябай жакты. Обору сугу түшкөндөй ачылып, даам татууну эңседи. Кайнаалыны тегеренип, ары-бери басып жүрдү. Үйдө эч ким жок кезде кармана албады да, кара өрүктүн бирөөсүн оозуна салды.
Энеси түшкү тамак алдында кайнаалыга абай салды да, анын бирөөсү жок экенин болжоду. Муну күйөөсүнө айтты.
Түштөнүү малында үй ээси:
– Кана, балдарым, кимдир-бирөөңөр кара өрүктөн уурдап, жеген эмес белеңер? – деп сурады.
Чүрпөлөрүнүн баары “жок” дешти. Ваня помидордой кызарып кетти да, ал дагы: “Жок, мен ооз тийген жокмун”, – деди.
Анда атасы:
– Кимдир-бирөөңөр кайнаалыны жуткан болсоңор, жакшы эмес. Кеп анда эмес. Сөздүн баары кара өрүктүн сөөгүндө. Бирөө аны кантип жешти билбей, сөөктү жутуп алса, ал эки күндөн кийин өлөт. Мен ошондон коркомун, – дейт.
Ваня кубарып кетти да:
– Жок, мен сөөктү терезеден ыргытып ийгем, – дегенде баары күлүп ийишти. Ваня болсо, ыйлап жиберди.
