Жар тандаарда, жаңылба
(аңгеме)
Кыргый мүчө, кымча бел Айнуранын толуп турган, болуп турган толукшуган чагы. Айдай тунук жүзүнө күлмүңдөгөн карагаттай көздөрү менен каш-кабагы жарашып, эки ийнине төгүлгөн кыска, жылдыздай жылтыр кара чачы ого бетер сук арттырат. Жогорку окуу жайын алда качан бүтүп, кадырлуу бир мекемеде иштегени менен турмуш тууруна али коно элек. Чет элдик он эки тилде сүйлөп, ошончо тилде түш жоруса да, үй-бүлө курууга ашыкпайт. Анткени, анын жүрөгүн уялаар, элегинен өтөр жигит эмдигиче туш келбей жүрөт. Ырас, жылмайышы кыз-келинди арбаган илбериңки, кем сөз, үй-бүлөлүү балбан жигитти беш көкүл кезинде сыртынан сүйгөнү чын. Дүйнөлүк калбаат сыноолордо чоюн балбан күчтүүлөрдү тизелеткен ал балбанды, чет жактан мөөрөй утуп кайткан сайын байгеси менен куттуктап, көптүн арасында чоктой кызыл гүл сунуп, тосуп алчу.
Ал балбан, балким, кыяра тиктеген Айнуранын балбылдаган көз карашынан сүйүүсүн туйса, туйгандыр. Бирок талчыбыктай өспүрүм кыз ага бал сезимин айткандан тартынган. Ичине каткан. Бою узун, кең көкүрөк сымбаттуу жигит дүйнөлүк олимпиада оюндарында мүлдө атаандаштарын тегиз утуп, кыргыз туусун нечен курдай обого көкөлөттү. Анткени менен отуздан оогон кезинде көрө албастар башкесер жалдашып, жигин чыгарбай аттырып өлтүрүштү. Балбандын сөөгүн коюуга Айнура да жетип барды. Ичи күйгөндөр тымызын сүйгөн адамынын өмүрүн кыйганына наалат айтып, шолоктоп ыйлап, балбанга жетпей калганына өкүндү. Кыздын али бир гүлү ачыла элек тун махабатын балбан өзү менен кошо ала кетти. Андан бери арадан кыйла жыл өттү. Айнура сүйгөнүнөн айрылганына ичи сыздап жүргөндө: “Сендей курагымда беш агаңды төрөп, телчиктиргем. Отуздан кийин ордо бузар бойдоктор сейрек калат. Ал курактагы жигиттер да түтүн булатып, кыйласы ордолуу шаар курат. Жашың өйдөлөгөндө кара далы деп, эч ким көз да, сөз да салбай коёт, кызым. Же элүүнү этектеген, же жесил эркектер колуңду сурайт. Карачы, сен эмес, бак-дарактар да бүрдөп, гүлдөп, тооктой жөжөлөп, жүзүмдөй мөмөлөп атканын. “Тулпар – тушунда, күлүк – күнүндө”. Этегиңден жалгасын! Бала-чакалуу, бактылуу бол! Кыздын бактысы ошол, чүрөгүм! Сен да менин тайларыма, чөбөрө, эбире-кыбыраларыма өмүр тартуула. Ка-ап, бойго жеткениңде эле колуңду сурагандарга кармата бербей”, – деп апасы кысмакка алды. “Кейибе, апаке! “Анардай кызыл мончок ар кимдин көзүн кызартып, жерде калбайт”, – дечү элең го! Анын сыңарындай өмүрлүк жар табылат. Ушу кыргызымдан кантип эле мага ылайык жигит чыкпасын!”, – деген, күлө бага. Бирок энесинин сөзүнөн кийин деле бир топ жыл шамалдай учуп өттү. Кыз дегениң чын дилинен бирөөнү сүйбөсө кыйын тура! Ошентип, кымча бел Айнура дагыле бой жүрөт. Сөз менен тийишип, тамырын тарткан жигиттерди бирден электен өткөрүп коёт.
Кыйла жигиттин көзүн кызартып, шилекейин куюлткан кыз өзү көз салбаганы менен акырын байкаштырса, ага ашыктар эми деле толтура болуп чыкты. Көрсө, кимдер гана ага жүрөгүн чаппады дейсиз? Анын апта сайын ар кайсы өлкөлөрдөн илимди чемичкедей чаккан не бир окумуштуулар катышкан долбоор даярдап, ондогон долбоорду жүзөгө ашырып атканын кайдан билишкен? Же чоң жыйындарды өткөргөнү тартылган тасмаларын ютубдан көрүшкөнбү, айтор, ата-жотосунун атын укпаган чет элдик бозойлор таанышмак болуп тажатты. Алгач, карасаң эй, Дүйшөмбүлүк Точики кылчактап, торун жайды. Ал чала-була орусчалап: “Биз жак өтө ысык. Кыз-жигиттер алма-өрүктөй тез бышат. Экөөбүз баш кошсок, менден Чыйырды чоң энеңди тартып, Манастай баатыр уул, Каныкейдей акылман кыз төрөйсүң”, – деп жылмаңдайт.
Жайында Ысык-Көлдүн Чоң-Ак-Суусунун күн көрүнбөс, таза абалуу капчыгайында эс алып жүрсө, этек-башына ак сурп орогон көз айнекчен арап учурай калды да, биздин бийкечти өзүнө тартууну көздөп, тилмечинен минтип айттырган: “Мен – Королдун уулу, принц болом. Билим алгам, Кембридж менен Оксфорддон. Атамдын тактысы мага калат. Мага тийсең… Өзүң тургай, ата-энең, урук-туугандарыңды… Айылыңдагылар менен чылк алтынга оронтом. Көчө аралабай, аптапта иштеп кыйналбай, бала төрөп, мээлүүн үйдө мени күтүп, олтурасың”. “Өзүң бут кийимге жетинбей, дамбалыңа чалынып, көңүл айланткан кара жүзүң менен жылаңайлак жер кезип жүрөсүң да, менин кадырыма кайдан жетмек элең? Кара матага жүзүмдү чүмкөп, паранжы жамынгым жок. Сага токол болчулар өз элиңден буюрсун! Гудбай…”, – деди шак эле анын бетине.
Чүрпөлөрү төрөлгөндө аталары жүзүмдөн шарап салып, анысын үйлөнгүчө жерге көмгөн армен менен азери бозойлору, кебездей жумшак ак пахтага ороону чечкен Ташкендик ала топу Москвадагы курдаш кыздарын тооруду. Кийин ошолорду ээрчип, көзү менен тең айланган теңтуш селкилерди көрүп: “Өз агасын агалай албаган селкилер – бирөөнүн (биздин бозойлорду чанган кыздар бөтөн эркектердин) босогосун сагалайт… Эх, татына селкилер, бийкечтер! Сүйүүгө арга жок. Кимди сүйсөң, өз эркиң. Бирок силер үчүн таттуу окшойт өзгө жердин акчасы менен сорпосу?” – деп, ичи ачышты. Көзү жылтыраган акак тиш кара ынды да ага гүл сунуп, шилекейин чубуртту. Айнура: “Ала-Тоолук жигиттерден башканын сүйүүсү мага кызыксыз”, – дегенде, ошол ынды кара ак шайы жоолук салынган алчадай мөлтүрөгөн башка бир кыргыз бийкечти Африкасына жетелеп баратканын аэробекеттен учуратты. Тасмадан: “Сиз эмес, сен деп сүйлөшөлү! Питердин буурул түндөрүндө, Кара деңиздин жээгинде сейилдетем. Мекениңе чоң завод-фабрикаларды куруп берем”, – деген эжигейдей сап-сары Иван да кайырмагын ыргытып: “Экөөбүздүн бактыбыз үчүн!” – деп каалоо айтып, чөйчөк толо вискисин тартып ийди. Андан кийин ак калпакты атайын Айнура үчүн кийген жапон менен инди да, биринин артынан бири “кара жоргону” бийлешип, бутуна жыгылды. Булар да кыздын асмандагы жылдыздай асылдыгын урматташып, не бир убадаларын куюлтту. Кыйгач көз ханзунун: “Чыгыштан батышты көздөй темир жол салып өтөйүн. Тууган-уругуңдун колуна кайтарымы жок миң жылдык насыя төгөйүн”, – деп тамшанган кебин укту. Ютубдан кыйгач көз киши, кыргыз аялын балдарынын көзүнчө жылаңачтап, кордоп-зордогонун көрүп алып, сырттагы бозойлордон андан бетер жийиркенди. Бейтааныш болсо да, суу бетине лотос гүл өскөн өлкөнүн эркегин тандаган кандаш келинге боору ооруду. Ичинен: “Баркыңа жетер өзүбүздүн эле жигиттерге тийбейт белең? Жанымда болсо, сени кордогон эркек сөрөйдү таш менен жанчат элем!” – деп сүйлөндү.
Ошентип, ал кайырмак ыргыткан жигиттердин ичин шыңгыр күлкүсү аркылуу ачыштырганы менен чет элдик бозойлордун бирөөнө да ийиген жок. Европада көшөгөсүн көгөрткөн курсташ кызы тың чыкма мистерлер менен тааныштырганда зымсыз телефону улам чырылдап, шаштысын алды. Чар-тараптан смс каттар селдей акты. Курдаш кызы Швейцарияда турат. Ал жубайы менен кез-кез гана жолугушуп, ар кимиси өз-өзүнчө виллаларда жашайт экен. Төгөрөктүн төрт бурчуна саякаттап, кымбат баалуу машина, самолет айдап, роботторду кулдай жумшайт экен. “Бул жакта баары белен. Кабак түйгөн, же ой басып, ойлонуп жүргөн, көйгөйгө чөккөн, урушуп-сөгүнгөн киши жок. Эркектери кызганычтан алыс, аялдарын таманынан тартып, дене-бой, төбөсүнө чейин өпкүлөйт. Күлүп-жайнап, жыргап-куунаган эле адам. Ээн-эркин жүрөсүң. Үй-бүлөмө, кайын ата-кайын энеме деп оокат бышырып, түтүнгө уукпайсың. Кайын журтуң түгүл күйөөң да башкарбайт, жүрүм-турумуң менен иши жок”, – деп бир жактан арбады. Жомоктогудай жашоого үндөгөн курсташы Айнуранын сүрөтүн интернет желеге илгенде, интернеттен ага кимдер гана кат жазбады да, сүрөттөрүн кимдер гана салбады?
Америкалык Биллди айтсаң: зымсыз телефондун көрмө тасмасында комуз чертип, кыргызча ырдап, аз жерден ийитип ала жаздады. Көрсө, ал мурда Айнуранын айлында ыктыярчы болуп иштеп, кыргызча сүйлөгөнгө машыгыптыр: “Ушул обон сизге тартуу. Калыңга беш тонна доллар жиберем. Тоюңузга жылкыларды тооктой сойдуртуп, чучук, казы-карта тарттырам. Бишкекте да, Вашингтондо да той өткөрөбүз. Бөлөктөрдү кара тизмеге киргизип, жарандык бербей атканда, сиз мага баш кошоруңуз менен паспорт аласыз. Конгресс вумен болуп, Ак үйдө иштеп каласыз”, – дейт онлайн терезеден.
Берлиндик Иоганн менен париждик Жюль үйлөнүп, тууруна кондургандан кийинки бал айында Канар, Бали аралдарына саякат жасатып, дүйнө жүзүн кеме менен кыдыртарын убада кылды. Алардын өз тилинде жооп кайтарганда, Айнуранын чилистендигине тигилер аң-таң калышты.
Ал электрондук дарегиндеги каттарды окуп, керексизин жок кылып аткан. Анын жанына бутунун учу менен шырп алдырбай басып келип, арка жагынан компүтерди шыкаалаган жеңеси, алаканын шак урду:
– Ой-бой, кызыке! Мендеген жигиттерди укуругуңа түгөл түшүрүпсүң го!.. Курама темир курч болот. Кан алмашканда акылман, баатыр балдар төрөлөт. Байларын колдон чыгарба! Чет өлкөлүктөр кадырыңа жетет. Үйүндө тамак бышыртпайт, түтүнгө деги ууктурбайт. Алаканына салып, идиш-аяк, көйнөк-көнчөк жуудуртпайт.Таң атпай короо шыпыртпайт. Балаңды да, ата-энесин да бактыртпайт. Алардын кишини сыйлап, убакыт менен эсепке так, кичи пейил, жаш балага да сиз деп сүйлөгөн, элпектигин айт.
– Сиз муну кайдан билесиз? – деди Айнура жеңесинен шек санап. – Кайсы элде болсо да, эркектердин чилдейи бар, пилдейи бар… Ала-Тоолук бозойлор өзгөдөн ашса ашат, кем эмес! Бак-таалайга жетүү ар кимдин колунда. Үйүндө интернет желе менен иштеп, бүт дүйнөнү баш ийдирген кыз-кыркындарыбыз арабызда толтура.
– Билесиң, мен да бүт дүйнөнү аралагам. Бизнесиме капитал топтогуча ошол жакта иштеп, Батыштын турмушун элегимден өткөргөнүм үчүн айтып атам. Мен эмес, нечендеген сулуу эже-сиңдилерибиз чет элдиктердин колун кармап кетти. Азыр бактылуу-таалайлуу, көйгөйү жок, кийбегенди кийип, ичпегенди ичип, балкып жашап жүрүшөт. Жердин аркы түбүндө болсоң да, каалагандай өмүр сүрсөң, жаман эмес.
– Чет элдиктер биздин кыздарга эмнеге ашык болот?
– Британиядагы курдашым айткандай: биздин кыздар ак көрпө жайыл. Оттуу, таптуу, ар өнөргө таланттуу!!! Жөнөкөй жана иштерман. Жөн билги, сыр билги, ашкан акылдуу. Манжасы тийгенде эле чет элдиктер сымаптай мөлтүлдөп ээрип, эс-учтарынан танат. Ошон үчүн алар эң мыкты бийкечтерибизди ийнине кондуруп, жашын сүрүштүрбөй, өмүрлүк жар кылып атат! Ак никесин биздин кыздардын үйүндө кыйышып… Селейген таш менен мөңгүдөгү көк музду эритээр касиет сенде да укмуш, кызыке!
– Кайда жүрүшсө да, ылайым биздин кыздардын багы ачылсын! Ырас, чет өлкөлүктөр агыл-төгүл, март, адамдан эч нерсе аяшпайт. Бирок ата-энесин карыялар үйүндө жашатканы осолдук. Өзүмчүл пенде өз тегинин баркына жетпейт. Сары чака менен кошо тоголонуп, битиреп, битин сыгып, канын жалайт.
Жеңеси кайын сиңдисинин көктүгүн, өз чечиминен жанбашын жакшы билет. Айнуранын бир сүйлөгөн мүнөзүнөн улам менти тая түштү да, кайдыгер түрдө:
– Мунуң – ырыскыйдылык, кызыке! Сени кулдай иштеп, канышадай өмүр сүрсүн деген эле тилегим. Үй күчүк болуп, өз жериңден чыкпай… Баш оорудан арылбай, этегиңе чалынып жүргүң келсе, ал жагын да өзүң бил! – деди да, таарынган тейде кагынып-силкине, соорусун чайкап ары басты.
Айнура эртеси ресторанда Нурбол менен түштөнүп олтурду. Көзү менен тең айланган бул бозой илбериңки, кичи пейил. “Сүйөм” деп көзүнө дароо айтпаганы менен Айнурага ынак.
Күтүүсүздөн жашы элүүгө чукул, таз баш Зефердин ары жактан шыпылдап басып келаткан карааны көрүндү. Ал өз мекениндеги кымбатчылыктан улам үйлөнө албай, Ала-Тоодо кыйладан бери жашайт. Кыргызчаны чемичкедей чагат. Кыз-кыркындын кимди сүйсө болду, тандаган эркектин этегин кармап, ээрчип жөнөөрүн, жар болууга оңой көнөрүн аңдап-билип калган. Ээк-жаагын тынымсыз кырынган Ыстамбулдук бу көгүш көз, кексе киши Айнураны көлөкөдөй ээрчигени ээрчиген. Бийкеч иштин айынан Нарынга барабы, же Чүйдү кыдырып, Таласты ашабы, Баткенге учабы, кайда бет алса, ал изине түшүп, ошол жакка дароо жетет. Селки жайдарылыгынан жанбай, күлүп сүйлөп, кылыктанганы менен колун ага карматпады. Антсе да айныбай, Зефердин жабышканы жабышкан. Азыр да Нурболду көзгө илбеди. Айнуранын маңдайына келип, чөк түштү да, кызга ак маржан мончокторду кош колдоп сунду:
– Сиз үчүн муну Жер ортолук деңиздин түбүнөн таптырдым… Атайын суучул салдырдым. Айнура айым, жок дебечи, сүйөм сени… Калыңды каалашыңча төлөйүн! Анталия менен Стамбулдагы үйлөрүмдү өзүңө өткөрүп берейин! – деп жалбарды.
Таманын жалагыдай болуп аткан Зеферден тажаган Айнура анын чын пейлинен айткандыгынан күмөнсүрөдү. Анын демин суутканы: “Түлкүдөй кубулма, зыкымдыгыңды билем. Сага окшогонго колумду карматкыча, кыргыздын итине тием…”, – деп ойлонду. Бирок антип айтканга тили барбады. “Ашкан сулуу, бөтөнчө иш билерман, терең билимдүү кыздарыбыз чет элдиктерди ээрчий берсе, туулган жерибизде ким калат? Ак калпак бозойлор алардан артык го! Башка кандан жаралгандар элибизге күйөр бекен? Кыз-келиндер чет элдиктерге турмушка чыгып, алардын балдарын көбөйтө берсе, элүү-жүз жылдан кийин эл-жерибиздин тагдыры эмне болот? Эч кимдин көзүн карабай, ургаачы элем деп бурчка тыгылбай, жубайы менен кадырлашып, соорусуна камчы салдырбай, тизгинди эркекке алдырбай, атам замандан тең ата болуп жашап келаткан Каныкей, Жаңылдай эне, эже-сиңдилерибиз, Кудайга шүгүр, жер жайнайт. Дөөлөттүү жашоо үчүн аялдын көзү менен тең айланган эркектер жалаң гана сыртта бекен? Падышадай кем-карчсыз, бактылуу өмүр сүрүү – ар кимдин колунда. Бирок чынар теректин көлөкөсү өз жерибизге тийиши керек. Менин бактым – түтүн жыттанган айылда. Боорсок бышырган кемегенин башында. Апам нан жапкан дандырдын жанында, өзүм сүйгөн өмүрлөшүм менен уул-кыздарымдын койнунда, ата-эне, урук-тууганымдын колунда. Төбөмдөн ылдый алтын-күмүш чуурта төксө да, ак калпак курбу, жигитимди чанбаймын. Бакытымды өз жеримден табамын”, – деп кыялданды. Күтүрөгөн бодо мал, илим-билимге карк толгон, жылкы-кулуну мол, жашыл шибер, таза желдүү жайлоодон… Таңкы шүүдүрүмдө төбөсүнөн боз түтүн булаган боз үйдөн, шылдыраган тунук булак, ак кар, көк муздуу Ала-Тоодон, көк ирим Ысык-Көлдөн алыстоону көзү да, көңүлү да кыйбады. Минген күлүгү куйрук-жалын шамалга желбиретип, желдей сызган Нурболдун ийнине башын жөлөдү. Жанаарак ал бозой колуна карматкан кызыл кутудагы шакекти Зефердин көзүнчө манжасына салды. Ага:
– Кечиресиз, көңүл миңди сүйөт, жүрөк бирди сүйөт. Акча көрсө, эли-жерин таштап, кандаш-жандаш жигиттерди чанар, же сөзү башка, көзү башка эркектерди ээрчип кетер мен эмес! Жүрөгүмдүн ээси мына ушул жигит, таанышып алыңыз! Эй, кыздар! Ханзуга, же Эмиратка, ынды карасына, же дагы бир бөлөгүнө барып, Батышка шилекей агызба! Андагылардын санын ашырба. Канышадай жашоо үчүн тили буруу бөтөнгө тийип, чет жерден жылына бир жолу каттагыча… Мен Мекенимден нукум кадам айрылбайм.
Муну уккан Нурболдун делебеси козголуп, жүрөгү жылыды. Толкундады. Айнурага мурдагыдан бетер арбалып, кучагына кысты, жүзүнөн сүйдү. Зефердин болсо, шаабайы сууду. Ал жерде чачылып жаткан шуруларын кызганчаактык менен тез жыйнап алды да, үшкүргөн бойдон жолго түштү.
