Акын аял затына
Ысытып поэзия кемегесин
Ырыңар кенен жайып керегесин,
Ыкташып окурманга, сөз баалаган
Ышкыңар козгоп турсун делебесин.
Жоодурап күлүп жүрсүн карегиңер,
Жорголоп жүрүп турсун калемиңер.
Кийерге көркөм болсун көйнөгүңөр,
Китепте арбын болсун данегиңер.
Эргүү таап күн өңүнөн, гүл өңүнөн,
Эл-журтту кытыгылап түнөгүнөн
Өмүрдө бар болгула, жарыктарым,
Өпкүлөп окурмандын жүрөгүнөн.
“Адабий Ордо” сайтынын редакциясы
