“Көп жылга алыс калып…”
* * *
Көп жылга алыс калып,
Көп жылдык сагынчты алып,
Качандыр үйгө кайтып келүүгө окшош
сени ойлогон…
Өмүрдүн күзү менен таң атырып,
Көңүлгө дале жашыл жаз чакырып,
Эч качан чаңкоо канбоо, кумар канбоо –
сени ойлогон…
Узак сөз учун улап,
Ойлорду кытыгылап,
Бейтааныш бирөө менен маектешүү –
сени ойлогон…
Унутуп калып кай бир чалууларды,
Убакыт унут калып көппү-азбы,
Күн бою бир нерсеге таасирленүү –
сени ойлогон…
Сени ойлоном…
Сени ойлоо – өзү жашоо!
Күз. 2025-ж.

Вауууууууу сонун 🔥🔥🔥🔥
Азыркынын залкарларынан деп билем сизди, ар бир сапта өзгөчө сезимдерди табам ырларыңыздан!