|

Өзүң үчүн келмекмин

5/5 - (3 добуш)

Неге мынча сезимталсың, сергексиң,
Сенек тарткан жүрөгүмдү терметтиң.
Экинчи ирээт төрөлүүгө шарт болсо,
Мен жашоого бир сен үчүн келмекмин.

Мен жашоого өзүң үчүн келмекмин,
Арнап кайра ырларымын берметин.
Азыркыдай алсыз болбой тагдырга,
Жетелесең ээрчип эле кетмекмин.

Өмүргө мен өзүң үчүн келмекмин,
Өзүң үчүн көп кыздарды жеңмекмин.
Өзгөлөрдүн укпай туруп пикирин,
Өзүңө окшош уул төрөп бермекмин…

Автор

  • Акын, журналист. 1976-жылы Ош облусунун Жаңы-Талап айылында туулган. 1999-жылдан бери журналистика жаатында эмгектенип келет. Учурда Кара-Кулжа райондук "Мезгил үнү" гезитинин башкы редактору.

    "Өзүмдү издеп" ыр китебинин автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген