Жонтемир Жондор: “Мейкиндик жана Мен”
Асман –
төңкөрүлүп коюлган көк чөйчөк,
Ичинде биз –
сапырылган жылдыздардын чаңыбыз.
Сенин күлүп койгонуң,
Менин карегимде бир элес –
Мунун баары
чексиздиктин кичинекей бир тамгасы.
Биз шаарды кезип жүрөбүз,
Асфальттын алдында уктап жаткан таштарды сезбей.
А таштар…
Алар биздин кадамдарды санап,
Кылымдардын чарчоосун ичине жутат.
Сүйүү –
бул эки чекиттин ортосундагы эң кыска жол эмес.
Сүйүү –
бул эки параллель сызыктын
кыялда кошулушу.
Биз – өткүнбүз.
Бирок ошол жамгыр ичинде
күн желесин кармап калууга
акыбыз бар…
Которгон Жанаргүл ЖОЛДОШОВА
