Кат
Сен азыр кең дүйнөнүн четиндесиң,
мен болсо, кем дүйнөнүн бурчундамын.
Сүйүүсү бул жашоонун үзүл-кесил,
жаныңа батат жаңжал, ыр-чырлары.
Калбаалуу кең дүйнөнүн бир четине,
Кат барат кем дүйнөнүн бир бурчунан…
…Түшпөгөн үчүн ийри иретине,
жашооңдун күнү күмөн, жылы туман…
Күн өмүр бурчта калып, сыртта калып,
үлгүрбөй талдаганы ак-карасын…
Туйбаган нерсең үчүн тытмаланып,
кылбаган нерсең үчүн актанасың.
Каршыңда кара шамал, кара туман,
дүйнө эми туш тараптан кыса берет.
Өтпөгөн, бүтпөгөн бир кыш артынан,
өтпөгөн, бүтпөгөн бир куса келет.
Кең дүйнө ким бирөөгө зындан болсо,
кимгедир жанын сабап жаңыланат…
Жан дүйнөң жапжаш бойдон сынган болсо,
калыбы кыйшык бойдон калат, калат…
…Кудайдан коркпой, кептен корккон кылым,
арасы ак-каранын сөөм, карыш.
Бүшүркөп тааныганбыз ой-чуңкурун,
бүшүркөп жашоону эми сөз кылабыз…
2026-ж.

Сонун ыр экен, ийгилик каалайм! Бар болуңуз!