|

Булак кыз

5/5 - (1 добуш)

Сенин укмуш кооз өрүм чачыңдай,
Шар обондуу шайыр үнү басылбай.
Улуу тоодо агып турат бир булак
Махабаттуу тулку бою чачылбай.

Бүтүн өмүр силердеби бүтпөгөн,
Эч, эч кимден эч, эч нерсе күтпөгөн.
Жакшы адам болсо керек ушундай
Өз жолунан өз тагдырын үзбөгөн.

Кайда алып бара жатат ал мени,
Бийи менен улам алга талпынган.
Сүйүүм агып бара жаткан өңдөнүп
Эргүүсүн кууп ээрчип барам артынан…

Эгер жаның булак болуп калганда,
Анда деле калсам керек арманда…
Карап турдум, аяп турдум жээгинде
Колум барбай бетимди жууп алганга.

Автор

  • Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт айылында туулган. КУУнун Кыргыз филология факультетин бүтүргөн. "Нурборбор" чыгармачыл бирикмесинин мүчөсү болгон.

    "Сырдуу дарак", "Үн", "Кыял", "Сезимбий" аттуу ыр жыйнактарынын автору. КР Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген