“Сары оюм” атам
(эссе)
Май айынын ортосунан ооп калган мезгил болчу. Табигат баягысындай эле түрлүү түскө кубулуп, анысы адамзатка жетишсиз болчудай, канат каккан куштардын не бир мукам үнү менен ааламды ырдатып аткан учуру экен.
Түнү эмнегедир бир түпөйүл ой жанымды коёрго жай бербей, ооналактап уктай албай чыктым.
Таңы туруп күнүмдүк аялдын турмушуна моюнум жар бербесе да, алагды болоюнчу дедим.
Ошол күнү түш оой электе айылдан кабар келди. Менин бөлмөмө 2-3 аял баш багып киргенде эле, бир жамандыкты сездим. Аскам кулаган экен. Атакем Эгесине кеткен экен.
Үн-сөзсүз катыган боюнча бир топко чейин мелтиреп отурдум. Менин көз жашы кылбаганыма, айкырып боздобогонума аң таң болгон аялдар сын көздөрү менен сызыла карап турушту.
Эшикти жаап чыгып кетүүлөрүн өтүндүм. Керебетке шылк чалкаман кулап, ичимдеги арманымды жашым коштоп куюлуп жатты. Кыңылдап сызыла ырдап жаттым:
Сары ойдун гана салкын ай тоосунан,
Сагызган гана учат эй зоосунан,
Санаама гана салып ай издесем,
Кантейин таба албай койдум и-и-и-и-и-и-и-и-и-и-ий
ордунан….
Көөдөнүм ачыша уңулдай ырымды ыйым коштоп жатты.
Тээ, тиги бала кезинен атасыз жетимдиктин азабын тартып, согончогунан кан шоргологончо мал артынан жүрүп, ушул ырды сыздай ыйлап ырдаган баланы элестетип боздоп аттым.
Анан бой жеткенде окуйм деген көксөөсү менен, бутуна илип алаарга тыңыраак чокойу жок, таар мүшөктү жиптеп ороп, атка чегилген арабага жармашып, тоо ашып келип окуган өспүрүмдү элестетип алып боздоп ыйлап, ырдап жаттым.
Анан бизге ата болгон кадырын сактап, аталык эле эмес, адамдык парасаты менен тарбия бергенин эстеп ыйлап жаттым.
Эсимде, 1993-жылы рубль кунун жоготуп, сом жаңы пайда болгон учурда, совхоздор таландыга калганда, атам да пенсияга чыккан. Мен ошол жылы мектепти аяктап, окууга тапшырганы борборго кеттим.
Университетке илинбей кайра айылга жол тарттым. Келсем атам бир башкача болуп калган экен. Нес абалда жүргөндөй сезилди. Демейде эшикке чыгып аркы-терки баспаган атам, бир жерден жай таппай чебелектеп жүргөнүнө аң-таң болдум.
Көрсө совхоздо иштеп турган маалында сактык касса ачып, акча топтоп жүргөн экен (аны биздин эртеңибизге чогултуп жүргөн да, кургурум). Бир заматта эле кырк жылдык эмгектин акыбети күлгө айланып калганын элестетип көргүлө эми.
Түшүнүктүү болду мага…
Бир күнү талааны беттей жөнөдү атам. Артынан акмалап бардым. Тээ, тиги талаа четиндеги шар аккан каналды беттей басып барды да, бир жерге чөгө отура мөгдөп ыйлай баштады.
Мен каналдын берки бетин жаба өскөн чийдин арасына тизелей отуруп, сыздап ырдай да, ыйлай да баштадым.
Ак калпагы башынан түшпөгөн, этеги тизесин жаба тигилген чапанын кийип, суу беттей бараткан атамды карап:
Сары ойдун гана салкын ай тоосунан,
Сагызган гана учат эй зоосунан,
Санаага гана салып ай издесем,
Кантейин таба албай койдум и-и-и-и-и-и-и-и-ий ордунан…
Ошондо да атамдын азаптуу балалык чагын, өспүрүм кезин, кырк жыл 5 чакырым алыстыкты жөө басып иштегенин, ортосунда түшкү тамакка үйгө келген учурун, биздин билимибиз күчтүү болсо эле жетиштүү болорун, жакында Коммунизм келип, баары бекер болорун айткан атамдын күйгөнүн ичине кирип сезгендей боздой ырдап ыйлап жаттым.
Атам күйүп кеткен акчага эмес, ишеним менен баскан жолу белгисиз бир туңгуюкка алып кетип баратканын сезгендей ыйлап жатты…
Атамдын өмүрү жүүнү бошоп ыйлаганын көргөн жок элем, өмүрүмдө.
Кийин жалгыз карманаар бир тууган агасы өлгөндө сай-сөөгү зыркырап, бир башкача муң менен ыйлаганын көрдүм.
Ошол ыйы менен агасы менен ээрчишип бала кезинде жүргөнүн, тагдырлашын биротоло жоготконун сезип мүңкүрөптүр.
Иштен бошогону өзүн таштап салдыбы, айтор, инсульт алып төшөк тартып жатып калды. Догдурдан адам болбойт деп чыгарып койгондо ошол агасы, менин артымда калсын деп үмүтүн жетелеп, Самарканддан бир чоң ажыны ээрчитип келген эле. Жараткандын жардамы менен атам туруп кетти. Ошондон кийин намазга жыгылып, жүрөгүнө тынчтык издеп тапты окшойт. Бир топ жылдан кийин гана баягы бала кездеги өпкө оорусу жанданып баштаган эле.
Эмнегедир ошол “Сары ой” атамдын ичиндеги эч кимге айтпаган сырлары, азабы, армандуу кайрыктай сезиле берээр эле мага.
Көк ойдун гана салкын ай тоосунан,
Көгүчкөн гана учат эй зоосунан,
Көңүлгө гана салып ай издесем,
Кантейин таба албай койдум и-и-и-и-и-и-и-и-ий ордунан…
Эшик тараптан: “Атасы өлсө ырдап жатат”, – деген үндөрдү эшиттим.
Дүйнөдө жаныңда миң адам жандап жүрсө да, сенин ички кыйкырыгыңды угаары ишенимсиз экенине ынанып, ындыным өчө, апамды ээрчий кеткен атамды узатууга камданып, жолго чыктым.
Жол беттей тоолор дагы:
“Кантейин таба албай койдум и-и-и-и-и-и-и-и-ий ордунан”, – деп күңгүрөнүп жаткандай туюлуп мени узатып баратышты.

Турмуштун жылаңач чындыгы экен!
Саламатсызбы, ыраазычылык билдирем! Бул менин ичимден сызылып чыккан чындык!