|

Деңиз

5/5 - (3 добуш)

Деңиз, деңиз, мелмилдеген, чалкыган,
алып учтуң жүрөгүмдү балкыган.
Жан сыгылып чыда албай кеткенде,
ар убакта өзүң көздөй талпынам.

Талпынам да шамал сымал айдаган,
толкун болуп толкунуңа айланам.
Чардагыңды, балыгыңды тыңшаймын,
мен өзүмө келгичекти кайрадан.

Деңиз, деңиз, мелмилдеген сан кылым,
мен да сендей толкуп таштым, чалкыдым.
Далай жолу аскаларга урунуп,
далай жолу бу жашоодо жалкыдым.

Сага барып апат кылдым жылдарды,
сага барып азат кылдым ырларды.
Сенде көрдүм тереңдикти, закымды,
сенден алдым толкунданып турганды.

Жан дүйнөмдү жаш баладай термеген,
бакыт даамын таттым далай сен менен,
эч ким билбейт деңиздигин деңиздин,
бир да жолу деңиз болуп көрбөгөн.

Деңиз, деңиз, каным дагы деңиздей,
жаным дагы жуурулушкан эгиздей,
толкундардын күүсү турса жүрөктө,
мына ошондо телегейим тегиздей.
Деңиз, деңиз, жаным менин деңиздей.

Босфор. 2023.

Автор

  • Акын, котормочу, журналист. Бир катар эл аралык, республикалык адабий сыйлыктардын ээси.  “Көчмөн дүйнө” аталышындагы ыр жыйнагы чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген