|

“Кыялкеч, кыл кыяк тарткан кыз…”

5/5 - (4 добуш)

*   *   *

Кыялкеч, кыл кыяк тарткан кыз,
Кыялын кыягы айткан кыз,
Көр дүйнө көңүлгө ынабай,
Көөнөрбөс көөдөнүн баккан кыз.

Кылымды калчаган кыйма жол,
Кылымды какшаткан кыйла жол,
Кыл кыяк сыздасын, сен коштоп,
Кылымдаш ойгонсун, ыйла жол!

Көз боочу көмкөрүп койгонсуп
көзү ачка көөдөндөр ойгонсун,
Жетимиш тамыры жешилген,
Жер энем жеңилдеп, корголсун!

Кыялын кыл кыяк тарткан кыз,
Кыйроого каршылаш аккан кыз,
Көгүчкөн чакырып асманга,
Көөдөнү кылымды баккан кыз.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген