Ажырашуу
(аңгеме)
– Ыя, жеңе, акем экөөңү киного алпарып келейин, – деп келиптир кайним бир күнү үйгө. Күйөөм менен кайнимдин атасы бир тууган болот.
Траур болуп, театрларда журт башчылардын сүрөттөрү илинип турган. Күлгөнгө, каткырганга, кыйкырганга уруксат жок эле.
“Октябрь” кинотеатрына кирсек, сүрөттөрдүн жанында стул турган экен, кайним отура калып: Аааууузуу биллаа… деп эле куранды кырааты менен созуп калды. Күлкүмүн келгенинен жарылып кете жаздадым. Ал кезде куран оруска эмес, кыргызга чанда окулчу. Элдин баары карап калды. Кайним курандын эки сабын эле айтып туруп колун жайып: “Брежнев аксакал өлгөндө эле баарыңа чогуу куран окуп коёюн десем, жеңем болбой койбодубу, оомийин”, – деди эле, угуп тургандар тарсылдап күлүп жиберишти. Администратор чуркап келгенде кайним житип кетти. Ушуну көргөндөр кино бүткүчө кыткылыктап күлүп отурушту.
– Эртең саат бирде биздикине келип, тамак ичип кеткиле, – деди келин кинодон кийин.
– Келиниң чүчбараны укмуш бышырат жеңе, сөзсүз келгиле, – деди кайним.
Баса күйөөм келини жөнүндө көп нерсе билчү. Кызганып, ичи тарып, келинди коруп эле жүрчү. Жанагы кинотеатрда күйөөм оң колун менин ийниме коюп, сол колу менен келиндин колун ушалап, бутун сыйпалап, анын колун өзүнүн эки бутунун ортосуна коё коюп, келин тарта коюп эле атышкан. Кайним болсо коңурук тартып аткан. Эртеси саат бирди араң чыдап күттү, бечара күйөөм. Тызылдап жиберди жер тепкилеп, саат такыр бир болбой калчудан бетер.
Кайнимдин үйүнө кирсек, үйүнүн ичи чачык: шырдак, паластын үстүндө жайнаган ысык чүчбара төгүлүп жатат. Келин ыйлап босогодо отуруптур, кайним төрдө.
– Эмне? Урдубу? – деп күйөөм жүткүнгөндө:
– Жок аке, “чүчбара быштыбы”, – деп эле жанымы койбой койду. Мага 45 даана сал дейт. Эй, кудайды карап сүйлө десем, кудай көрүп туруппу, алып кел акемдер келгиче жарты тоюм болуп алайын деп шаштырганынан кухнядан кострюлду чыгарып келатып, босогого жеткенде тайып жыгылып, кострюлум чүчбарам менен кошо тоголондум, – деп ыйлап айтты келин.
– Эч жериң күйгөн жокпу? – деп күйөөм күйпөлөктөп жиберди.
– Жок, бирок башка эт жок, анан качан жасап бүтөм, баары төгүлдү.
– Эч нерсе эмес, келгиле чогулта коёлу, ысык сууга бир сыйра чайкап жиберип жей беребиз, – деп күйөөм безилдеп, келин экөө жөрмөлөп, чогултуп киришти да, кухняга кетишти.
– Бир нерсени байкадыңызбы, жеңе? – деди эле кайним, мен:
– Ой, жок, жок, эч нерсени байкабайм, ичим ооруп атат, – деп ийипмин шашма жаным, жети айлык курсагымды сыйпалап. “Эриңди тый”, – деп айтат деп коркуп кеттим да.
– Жаман чочудуңуз го! Кудайдын бар экенин эле айтайын дегем, – дейт кебелбей. “Оо-х” дедим ичимен.
Анекдот айтып баштады. Ал оозун ачканда эле боорум эзилип жыгылчумун. Оюнан токуп эле айта берчү. Өңү да бир укмуш эле. Тиштери орсок, курт жей берип саргайып да кеткен. Сапсары, көзү бүтүк. Бою сөтө, тартайып арык. Маймылдан бир аз эле бери болчу. Тигил экөө киргенде дагы анекдотун токтоткон жок.
– Васяны айтып берейинби ака? Вася Светаны алып алат. Света төрөгөндө эле күйөөлөрү мүрт кетчү экен. 5 күйөөсү өлүптүр. 5 баласы бар, эми төрөбөйм деп сактантып жүрөт, алиги перчаткаңар болот экен го, ошо менен. Светанын баары бир боюна бүтүп калат. Васяда болсо жан жок, эми өлүп калам го деп.
Света толготуп калды дейт. Вася өзүн коёрго жер таппайт. Атасын чыкырып коштошот, керээзин айтып. Атасы кейип, папирос тартып сыртта басып, баласынын өлүмүнө кейип жүрөт. Аңгыча Света чыңырып кыйкырганда «ыңа-а» деп бала жарыкка чыгат. Күйөөсү керебетте ажалды күтүп, өң алеттен жок, көзү чакчайып сулап жатат. Аңгыча атасы чуркап келип, Васяны жулкулап:
– Вася, а Вась, Васька, кошуна мүрт кетти, – дейт.
– Эмне? – өлүмдү күтүп калчылдап жаткан Вася тирилип тура калат.
– Кошунаң Иван жан таслим болду дептир атасы, – деп бүтүп кайним каткырганда күйөөм менен келин мостоюп калышты.
Эч нерсе менен ишим жок мен каткырып күлө бердим.
Көрсө экөө жети жыл жашагандан кийин быйыл, ушу чүчбара жеген тапта келиндин төрт айлык күмөнү бар турбайбы?
Эки абысын экөөбүз тең күйөөмө окшош бала төрөп, күйөөлөрүбүз менен ажырашып кеттик.
