“Коё турсаң, эмне кылып атасың?..”
* * *
Коё турсаң, эмне кылып атасың?
Жаратымдын оозун кайра ачасың.
Абайлачы, муңуңду аз кайрычы,
Жүрөгүмдү чертип ырдап жатасың.
Балкып барам, балкып барам үнүңө,
Балкыгандан жалкып барам күнүгө.
Көңүлүмдүн күүсүн созот обонуң
Менден уучтап чачып улам тирүүгө.
Көтөрө албай калдым, мени аячы,
Эх, мен сага жаңы жылдык балаты.
Тамырыман жулуп келип атайы
Шаңдуу айланып жатканыңды карачы…
Билбейм мага кимсиң, балким жазасың,
Оңбогондой ойлуу, сырдуу, тазасың.
Абайлачы, муңуңду аз кайрычы,
Жүрөгүмдү чертип ырдап жатасың.
20.05.2026
