Бул дүйнөнүн асылы
Сактайт дешет сулуулук бул дүйнөнү.
Ал сулуулук асмандабы, күндөбү?
Салмагына сынып кетпей, үзүлбөй
Тиреп турган бүт Жер шарын түшүрбөй,
Сулуулукту айтты экен дейм кимдеги.
Сулуулугун мисал кылды кимдин ал,
Кулап кетпей Ай-Аалам бүт карманаар.
Карагандын кумар отун жандырган,
Ким болбосун акыл-эстен тандырган,
Түбөлүктүү ал сулуулук кимде бар?..
Бир билгеним, өлчөнбөгөн ченемге,
Касиети бек катылган тереңге.
Мээримине мөңгү түтпөй эриген
Аянбаган мен үчүн жан берүүдөн,
Түбөлүктүү бир сулуулук – энемде.
Ишенимдүү жолдош болгон жанымда,
Жашоомдогу эң бир кымбат табылга.
Очогумдун отун турган жандырып
Мен өрттөнсөм кошо күйгөн албырып,
Бир сулуулук жаркылдаган – жарымда.
Эч кимде жок жыпары бар жытында,
Үйүмдөгү ырыскым да, кутум да.
Бал тилинен дары жасап ичирген
Бакыт деген океанга түшүргөн,
Бир сулуулук айдай болгон – кызымда.
Эзелтеден бизде кыздын чачы улуу,
Андыктан парз эне алдында баш уруу.
Кең Ааламды кучагына батырган
Кереметтүү эң бир кымбат асыл жан,
Аялзаты – бул дүйнөнүн асылы!..
