Эң ишеничтүү вазир

2.9/5 - (7 добуш)

(жомок)

Илгери, илгери кандуу бир жоортулда хандын улук вазири набыт болуптур. Хан буга абдан кейийт. “Эми мындай ишеничтүү вазирди кайдан табам? – деп санаага батат. – Жан досум эле. Акылы тунук, кыраакы жан эле, элге кадыр-баркы жогору болчу… Көптөгөн ички-тышкы душмандарымды вазиримдин кеңеши менен жеңип келдим эле…”.

Ошентип хан кырк күн аза күтүп, вазирин жоктойт. Ханды тегеректеп жүргөн кеңешчилери улук вазирдин ордун ээлегилери келип, кошомат кылууга өтүшөт. Ансайын хандын көңүлү чөгөт. Баягыдай кеп-кеңешин айтып, туура жолду көрсөтөр вазири жок, кимдин сөзүн угуп, кимисине ишенерин билбейт. Бир күнү ойлонуп отуруп, ордодогулардын баарын чакырат да:

– Мен улук вазиримден айрылып, кайгыдан кан жутуп турам… Көксөөмдү кантип суутушту биле албай санааркап, акыры бир бүтүмгө келдим. Ушу жерде турган ар бириң, бирден жаш жигит алып келип, менин ордомдун дал ортосунда башын аласыңар! Ошондо гана демим сууп, вазиримди жоктоонун азабынан арылам. Кимде-ким айтканымды аткарбаса, башы кыя чабылат! – дейт каардуу.

Ханды баары таңыркай карашат. Бирок каяша айтуудан айбыгышып, баштарын жерге салып туруп беришет. Алардын арасынан бири:

– Урматтуу ханым! Күнөөсүз жаш жигиттердин башын алуу менен кантип көксөөңүз сууйт?! Андан көрө вазирдин набыт болушуна түздөн-түз себепкер душманды жок кылалы! – деп хандын буйругуна каршы сүйлөйт экен. Анда хан ого бетер кабагын чытып:

– Азыр душманды жок кылууга дараметим жетпейт! Менин айтканымды жасагыла! Кимде-ким каршы болсо башы кетет! Эртең ушул маалда баарыңарды күтөм! – деп кыйкырат.

Ошентип, эртеси күнү бирден жигит жетелеген кеңешчилер ордого чогула баштайт. Жасоолдорун ээрчиткен кеңешчилер элдин ыйлап-сыктаганына, көрсөткөн каршылыгына карабай зомбулук кылышат.

– Ии, – дейт хан чогулгандарга карап. – Баарыңар келдиңерби? Араңарда буйругумду аткаргысы келбей баш тарткандар барбы?! Эгер бар болсо, биринчи ошонун башын алуу менен баштайбыз! – дейт сүрдүү.

Тургандар арасында күбүр-шыбыр угулат. Хандын буйругуна каршы сүйлөгөн баягы жөкөрү алдыга чыгып, сыңар тизелей калат:

– Улуу урматтуу ханым! Мен өзүм келдим! Күнөөсүз бирөөнүн канын төгүп, жакындарынын көз жашына себепкер болгуча, өзүм эле өлөйүн! – деп башын ийет.

Ага башка жөкөрлөр аянычтуу карап: “Ай, келесоо, өзүнө-өзү кылды”, – деп шыпшынышат. Ошондо хан тактысынан түшүп барып, жигитти кучактап тургузат да:

– Сендей жигит издедим эле! Улук вазирим сен бол! – деп далыга таптайт. Анан жарданып тургандарга:

– Туура эмес ишимди да туура деп кошоматчы кеңешчилердин мага кереги жок! Баарыңар бошсуңар! Мен бүгүндөн баштап, эч кимиңди ордодон көрбөйүн! – дейт каардуу.

Ошентип, хан тегерегинде жүргөн кошоматчылардан арылып, чыныгы намыскөй жигиттерди топтогон экен.

Автор

  • Панфилов районуна караштуу Тельман айылында 1973-жылы төрөлгөн. Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. УТРКнын отличниги. ЮСАИД “Окуу керемет” долбоорунун катышуучусу. “Алтын капас-махабат”, “Сүйүнчү” жана балдар үчүн жазылган “Нуска жомоктор/Мудрые сказки”, “Айтуяк” жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген