Бүтүгүм
Ак бермет булуттардын үзүмүндөй,
Ажайып даамы ширин жүзүмүндөй.
Табылбас кыдырсам да дүйнө жүзүн,
Татына көзү нурдуу бүтүгүмдөй.
Чекит койбос ырлардын үтүрүндөй,
Чеги болбос сезимдин бүтүмүндөй.
Бир башкача таасирдүү көздөр жоктур,
Бакыт сунуп караган бүтүгүмдөй.
Аруулугу ак кардын бүртүгүндөй,
Ак сезими ак таңдын сүртүмүндөй.
Мен деп соккон жүрөгү чексиз аалам,
Мени эч ким сүйбөстүр бүтүгүмдөй.
Биригип изи калбай үзүгүмдүн,
Байланып кайра келем изиңе миң.
Май баскан бакырайган көздөн көрө,
Мээримдүү көзү сонун бүтүгүмдүн.
Аздектеп, сактап келген сүйүү көчүн,
Айтайын жашырбастан “бүтүм” сөзүм.
Бешболуш “Кылым катын” жазганындай,
Бир өмүр жазам сени, бүтүк көзүм.
