|

“– Дудуктайсың? Думбаланган дүйнөмүн…”

Биринчилерден баа бериңиз!

*   *   *

– Дудуктайсың? Думбаланган дүйнөмүн,
Алда неден коргонууну үйрөнгөм,
– Ишениччи?
– Өлүп калган ал эбак,
Илкисем да, ыктайм жалгыз жүргөнгө. 

– Кызыктайсың?
– Кызыгы жок дүйнөмүн,
Алда неден коргонуучу кургам чеп.
Көзүм менен атылууда баракка –
Көмөкөйдө, көлөкөдө турган кек. 

Кек эместир, балким, барга кайдыгер
Карап өткөн, караандар го жолдордо,
Караңгынын кесепети сыяктуу,
Жакшы жомок батпай турат ойлорго.

Көрүп турам унчукпастар көзүнөн
Умсунууну бир чечимсиз санаага,
Жай табалбай жандарына ылайык,
Жүрүшкөндөй дейди сымал калаада.

Бири-бирин тыңшагандар жок сыңар,
Агылышат өз-өзүнчө дүйнөдөй,
Келип-кетер бир өмүрдүн ичинде,
Кең ааламың мыйзамы шор – түрмөдөй.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген