|

Өмүр өтүп баратат

5/5 - (2 добуш)

Ал барда асман ачык, жерде көктөм,
Маңдай терин дайрадай кылып төккөн.
“Өмүр өтүп баратат” дечү эле атам,
Кармап алып колуна кетик кетмен.

Өмүр чында өткөн жок, өзгөргөн жок,
Атам өзү өмүрдөн өтүп кеткен. 

Андай аруу келбес эч, жерден көктөн,
Нан жаап мештин жанына терин төккөн,
“Өмүр өтүп баратат” дечү эле апам,
Кармап колго кайчысын жибек кескен.

Өмүр турат өткөн жок, өзгөргөн жок,
Апам өзү өмүрдөн өтүп кеткен. 

Ар жыл сайын айланып келет көктөм,
Күздө жыйнап түшүмдү жазда эккен.
“Өмүр өтүп баратат” деп үшкүргөн,
Атам, апам өмүргө эмгеги өткөн.

Өмүр бирок өткөн жок, өзгөргөн жок,
Аттиң!.. экөө, өмүрдөн өтүп кеткен.

  • 1984 жылы Нарын облусунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Акын, журналист, котормочу. Мектеп курагынан поэзияга кызыгат. Бир топ гезиттерде, теле тармагында кабарчылык кызматтарда иштеген. Учурда Бишкекте жеке ишкерлик кылат. “Адабий Ордо” сайты 2026-жылы уюштурган “Жаз” темасындагы бир ыр сынагында сайттын атайын сыйлыгына татыган.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген