|

Көккө кайрылуу

5/5 - (1 добуш)

Сен кандай кереметсиң, чексиз асман,
Койнуңдан чачыратып күн шооласын,
Кочуштап колго кармап жашап жүрөм,
Чыгыштын чырагынын бир шооласын.

Сен укмуш берешенсиң чеги жок КӨК,
Жылдыздар текши тийген берекедей,
Ай, каалгып бара жаткан кулачыңда,
Аптаптан алаксыткан көлөкөдөй. 

Пенденин сыноосуна чыркыраган,
Сен, асман, жер эненин карманганы,
Калыстык кылган үчүн каалабассың,
Өмүрдүн чексиздикке айланганын.

Сага, асман, жетсе жетер периштелер,
Жээк түртүп жерден ары узаганда…
Булуттан жамгыр жасап төгүшөттүр,
ЖЕР ЭНЕ аруулукка суусаганда!

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген