“Мен сени жакшы көрүп калдым десем…”
* * *
Мен сени жакшы көрүп калдым десем,
“Эч ким билбесинчи”, – дейсиң чочулап,
Неге менин сезимимен уялдың?
Күлкүм келет ушунуңа.
Эмнеге айтпайм,
Неге элден жашырам
Каршы чыгып
Ырысына кудайдын?
А мен неге
Жар салбашым керек эй,
Араң тапкан жакшылыгым бу болсо?!
Мейли элдер мейли ызы-чуу болсо!!!
Сен жөнүндө гана мени ой басып,
Жашай баштаганы, эх, мен сен менен!
Бакыт келчү болбодубу
Адамга эч келбеген.
Буту жерге тийбей жүрөт турмуштун.
Эми ушунун неси жаман?
Качан эле тирлиги
Учуп жүрө алчу эле кыргыздын?!
А мен ушул жакшылыкка мактанып,
Көрөсүң, мен, чоң той берем бир күнү?
Эл билбесин деп сен андан корунуп
Келтирбечи күлкүмү!
9.07.2026
