Өткүр Хашимов: “Түнкү куш”
(аңгеме)
– “Көптөн бери санааркап, көңүлүң чөгүп жүрөт экен. Бир аз эс алып, таза аба жутуп келели”, – деп досторум мени тоого алып кетишти.
Кызык, мен ар дайым башымды бийик көтөрүп турган заңкайган тоолорду, асман тиреген учтуу аскаларды көргөн сайын өмүрдүн түбөлүктүү эместигин ойлойм. Кара асмандын алдында кара көлөкөдөй болуп кыймылсыз турган бул аскалар биз сыяктуу канча адамдын өмүрүнө күбө болушту экен? Аттиң, сүйлөй алышпайт. Эгер сүйлөй алышса, бизге көптөгөн кызыктуу сырларды айтып беришмек.
Түнөй турган үйүбүздүн ичи суук экен. Узакка чейин уктай албай жаттым. Сыртта теректер шуулдап, жакын жерден дарыянын үнү угулуп турду.
Бир маалда кулагыма жүрөктү козгогон кайгылуу үн угулду:
– Ква-ква… Ква-ква…
Бир азга айлана тынчып калды. Анан кайра алыстан баягы үн жаңырды:
– Ква-ква… Ква-ква…
Мен кичинекей бала кезимде апамдан уккан бир уламыш эсиме түштү.
Илгери эки бир тууган жашаптыр. Улуусунун аты Илхак, кичүүсүнүн аты Исхак экен. Алар бири-бирин жакшы көрүшчү эмес, дайыма урушуп, ынтымаксыз жашашчу. Энеси болсо экөөнүн ортосунда кыйналып, кимисин жактарын билбей санааркаптыр.
Акыры жаратылыш алардын кастыгына каарданып, экөөнү тең сокур кылып, куштарга айландырып жибериптир.
Ошондо гана бир туугандар бири-бирисиз жашай албасын, бири-бирине керек экенин түшүнүшүптүр.
Ошондон бери алар түн ичинде бири-бирин издеп, кайгылуу үн менен чакырышат экен:
– Ил-хак!.. Ис-хак!..
Бирок бири-бирин эч качан таба алышпайт экен…
Сыртта теректер баягыдай эле шуулдап турду. Дарыянын үнү угулду. Ошол шуулдаган тынчтыктын ичинде жүрөктү тилип өткөн муңдуу үн кайра жаңырды:
– Ил-хак!.. Ис-хак!..
Байкуш апам!
Ушул кайгылуу уламышты айтып берип жатып, төшөктөн баш көтөрүп угуп жаткан беш балаң – карлыгачтын балапандарындай – ар дайым бири-бири менен ынтымактуу болсун деп канчалык тилечү элең…
Бардык энелер балдарынын дайыма бирге, ынтымакта жашашын каалашат. Бирок тагдыр өз мыйзамын жүргүзөт. Балдары чоңоюп, канаты бекемделгенде, ар кимиси өз жолуна түшүп, ар тарапка учуп кетишет.
Жашоо энелерге ушундай жагынан да ырайымсыз…
Өзбекчеден которгон Жанаргүл Жолдошова
