|

Сары кар

5/5 - (2 добуш)

Жаздагы жылуу жамгыр карга айланып,
Чачыңа түшүп жатты майдаланып.
Ал менин сары карым сага жааган,
Жүзүңдөн сүйүп өтөт тайгаланып.

Сары кар, сары карым сабалаган,
Жаз желин ээликтирип чаба жааган.
Сүйүүмдү сенден катып кайда барам,
Бул турмуш сага чын да, мага жалган.

Сары кар кыш акысын эселентип,
Эркелейт жылуу тондун жакасында.
Канчалык уюлгутуп учса деле,
Эриди сулуу кыздын такасында.

Сары кар, сенде балким таарыныч бар,
Сары кар зарыктырган аппак жамгыр.
Күн келет кайра баштан табыштырар,
Сары кар сүйүү үчүн аткан тагдыр.

Кош эми жаздын кары эбеленген,
Жылдыздай асман бербей себеленген.
Сүйүүңдү кышка калтыр жазды ээрчибей,
Төрт мезгил келе берет тегеренген.

Автор

  • Акын, журналист. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. ТҮРКСОЙ  уюштурган «Беш акын» аттуу акындардын теле сынагынын жеңүүчүсү. “Жаз чакырган жан дүйнө” аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген