Лев Толстой: “Карга жана анын балдары”
(аңгеме)
Карга аралга уя салган эле. Балапандары жумурткасын чегип чыкканда, ал жөжө-каргаларды аралдан жээктеги жерге ташып өтүүнү чечти. Адегенде балапандарынын улуусун чеңгели менен бекем кармап, аны деңиз үстү менен алып учту. Кексе карга суунун ортосуна жеткенде чарчады. Канатын элдир-селдир каккылап баратып, мындай ойго чарпылды: “Азыр менин алдуу-күчтүү чагым. Балапанда каруу жок. Деңиз аркылуу аны алып учуп өтөм. Ал чоңоюп, күчкө толгондо мен улгаям да, күчтөн таям. Ошондо балапан – мына бу уулум, менин мээнетимди актайбы да, эстейби? Алпар деген жагыма жеткирет болду бекен?” Ушинтип кыялданган улгайыңкы Карга жонундагы тун балапанга суроо узатты:
– Мен күчтөн тайып, сен баралыңа жеткенде мени көтөрүп жүрө аласыңбы? Мени багасыңбы? Мага ачыгын айтчы, садагам?!
Балапан атасын “сууга таштап иет” деп коркту да, баш ийкеди:
– Сөзсүз.
Бирок, кексе Карга тун уулуна ишенген жок. Чеңгелин ача коюп, ал балапанды коё берди. Баласы колдон жылмышып, түйдөк жип сыңары төмөн кулады да, сууга түшүп, деңизге чөгүп кетти.
Карт Карга суу үстүндө жалгыз учуп, өз аралына кайра кайкыды. Ал бул ирет экинчи балапанды кучагына кысып, суу үстүнөн сызып келатты. Деңиздин чок ортосуна жеткенде кайра алсырап, чеңгелиндеги ортончу уулу “Карыганда ары-бери көтөрүп, ташып-багат, карайт болду бекен, жок бекен?” Мына ошону билмек болду.
“Сууга таштап ийбесе экен” деп, чоочулаган балапаны:
– Албетте, багам, – деп агасына окшош жооп кайтарды.
Бирок, Карга бул ортончу чүрпөсүнүн жообуна да канааттанган жок. Аны да мухитке таштап ийди. Ал артына бурулуп, аралга кайра учуп келгенде, уясында үчүнчү бир, кенже балапаны калган болчу. Карга эми эң кичүү ошол балапанын желкесине кондурду да, деңиз үстү менен кайкып учуп жөнөдү. Суунун ортосуна барганда чаалыкты. Кичүү баласына да мурдагы көнгөн суроосун узатты:
– Мен карыганда багасыңбы? Мени каалаган жагыма көтөрүп барасыңбы?
Анда кенже балапаны шарт кесе жооп айтты:
– Жок, бакпайм.
Атасы:
– Эмне үчүн? – деди бүшүркөп.
– Анткени, сен картайганда мен да жетилип, чоң жигит болом. Ал кезде мен өзүмө уя салам. Балапандарым ачып чыгат. Мен ошо балдарымды багып, көтөрүп чоңойтушум керек да…
Ошондо улгайган Карга бул ирет: “Бул балапаным менин мээнет тартып, аны эмнеге деңиз үстүнөн алып учуп өткөнүмдүн чындыгын айтты”, – деп ойлоду. Баштагы жоругунан баш тартып, кичүү баласын сууга таштаган жок. Күчүнүн болушунча канаттарын каккылап, кенже балапаны уя салып, балдарын чоңойтуусу үчүн аны жээкке жеткирди.
