Сөздүн күчү
(аңгеме)
Жадыраган жаз күндөрүн биринде, шаардагы жол астынан өтүүчү өткөөлдөгү жолдун жээгинде кунарсыз, алсыз колун сунуп бир көзү азиз адам тилемчилик кылып отурду. Алдындагы кагаз кутуга бирин-серин тыйындар анан “МЕНИН КӨЗҮМ КӨРБӨЙТ ЖАРДАМ. БЕРГИЛЕ!”, – деп жазылган чоң барак турат.
Анын жанынан жүздөгөн адамдар өтсө да, кутусуна тыйын салгандар жокко эсе эле.
Байкуш кайырчы тагдырдын өгөй баласындай болуп колундагы таягы менен жерди чукулап, ары-бери өткөндөрдүн дабышын үмүттүү тыңшайт.
Бир убакта бут кийиминин такасын тыкылдатып бирөө өтүп бара жатты.
Ал кыз сокур адамдын жанына тык токтоду да кармаган сумкасынан бир канча майда тыйындарды алып кутуга таштады. Анан “үй ээсинин” уруксат сурабастан эле анын алдыдагы баракты алды да ага бирдемелерди жазып кайра ордуна коюп, бут кийиминин такасын тыкылдатып бат-бат басып узап кетти.
Сокур адам көзү көрбөсө да жан дүйнөсү менен кыздын бир нерсе кылып кеткенин сезип, колуна баракты алып сыйпалап көрдү. Бирок андан эч өзгөрүү сезилбегендиктен кайра ордуна коюп койду.
Мына кыз кеткенден кийин абал кескин түрдө өзгөрө баштады. Сокурдун жанынан өткөн адамдардын көбүнчөсү ага кайдыгер карабастан тыйын-тыпыр таштап өтүп жатышты. Эски куту бат эле тыйын кагаз акчаларга толуп чыкты. Сокур адам баракта кандайдыр бир өзгөрүү бар экенин эми даана сезип, ага тыйын таштап эңкейген бир салабаттуу кишиден сурады:
– Кечириңиз, бул баракта эмне деп жазылып турат? – деди муңайым тиктеп.
Бейтааныш адам баракты алып окуп берди: “ЖАЗ МЕЗГИЛИ КАНДАЙ СОНУН. БИРОК МЕН АНЫН ЖАМАЛЫН КӨРӨ АЛБАЙМ!”
Баракты окуган адам көзүнө айлана түшкөн жашын акырын сүртүп, чөнтөгүнөн дагы бир кагаз акчаны алып кутуга салды да баракты сокурга карматып басып кетти…
Баракты кыса кучактаган сокур адам качан гана соолуп калган көздөрүнөн сызылып чыккан жашын кир болгон жеңи менен сүртүп ордунан тура жөнөдү.
Караңызчы сөздүн күчүн! Албетте, сөзгө маани берген адамдарга.
Дүйнөдө көзү сокур болуудан дагы көөдөнү сокур болуу абдан жаман. Жаратканым ошолордон сактасын.
