Өзү келген бир сезим
Кайсыл үйдү жарык кылып бул кечте,
Отурасыз ошол мага белгисиз.
Ойлорумдун башы сизден башталып,
Кайра айланып бүтө турган жери – сиз.
Кимдир бирөө сиз жөнүндө ойлонуп,
Жүргөндүгүн, албетте, билбейсиз.
Күндүз бир да чыкпагандай алдыман,
Жок дегенде же түшүмө кирбейсиз…
Кандай болгон күндө дагы жашоодо
Жактыруунун бары кандай керемет.
Мен жөн жүрсөм өзү келген сезимди,
Айткан жокмун “жок, коё тур, келбе” деп.
