Жок. Сезим гүл ыйлаба. Ыйлабагын.
Жүзүм муңдуу нур менен чагылышат.
Жүрөгүмө жүз үмүттү байлабагын,
Күнүм күлкү-ый менен кагылышат.
Себептердин себети толуп-ташып,
Ойлуу жандын элесин кийгизишет.
“Ой гүлдөрүм” мезгилсиз жан кыйышып,
Оро-пара ажал менен кезигишет.
Нарын облусунун Кара-Ой айылынан болот. Бала чагынан ыр жазганды жакшы көрөт. Аңгеме, эсселерди да жазат.