…га
Сени ойлосом тыбырчылайт жүрөгүм,
Торго түшкөн бир бечара чымчыктай.
Бир сезимди тумчуктуруп жүрөмүн,
Бир арзуумду айта албастан, унчукпай.
Сени ойлосом чабалактайт жүрөгүм,
Ысык Көлдүн балыгындай туйлаган.
Бир сүйүүмдү айтып албай жүдөдүм,
Бир сырымды көкүрөккө сыйбаган.
Сени ойлосом толкуп ташат жүрөгүм,
Ысык-Көлдүн толкунундай толкуган.
Кур сөз менен жеткире албай күйөмүн,
Ошон үчүн ырым токуп олтурам.
Бир башкача толкуп, чалкыйт жүрөгүм,
Мени коштоп толкугансыйт бүт тарап.
Ооруп турам бир дарт менен, билемин,
Бир куткарса сүйүү гана куткарат.
