|

С. У. га

4/5 - (4 добуш)

Ар кимибиз ар кай жерде унчукпай,
акырындан түгөп, өлүп барабыз…
Көңүлүбүз көчө-көйдө кырсыктап,
көкүрөктө катмарланат кара муз…

Какшайт дүйнө… Какшайт ичиң, сыртың да,
карарган муз калчылдатат, карагым.
Бул жашоонун аркы бети сыйкыр да,
аппак, тунук окшойт аркы тарабы…

Ай ордунда, Жер огунда, Күн-карып,
күлүп тийип, күйүп батат ордуна…
Жашайм десең, жашоо турат кумсарып,
басам десең, башы баткак жол мына…

Өз башыбыз өзүбүзгө оор азыр,
тагдыр ушул күйсөң дагы, күйбөсөң…
Мен Кудайдан бакытымды доолашып,
башы баткак ушул жолдон күндө өтөм.

Желе басты акылды да, жүрөктү…
Кантип сайрайт капастагы булбулуң?
…Сен баары бир чындык үчүн күрөштүң,
мен эч кимге калп айтпадым бул жылы! 

Ар кимибиз ар кай жерде унчукпай,
акырындан түгөп, өлүп барабыз…
Көңүлүбүз көчө-көйдө кырсыктап,
көкүрөктө катмарланат кара муз…

  • Акын, котормочу.

    М. Горький атындагы адабият институтунун Жогорку адабият курсуна аяктаган. 2016-жылы “Алыстагы ак жарык” аттуу ырлар жыйнагы, 2022-жылы Нуриза Өмүрбай менен биргеликте жазылган “ Кат турмуш” аттуу эпистолярдык жанрдагы повести, 2025-жылы “Дүйнөлөшүм” аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. "Михаил Мушфиг" атындагы эл аралык адабий сыйлыктын, "Алтын калем" адабий сыйлыгынын жана "Жолон Мамытов" атындагы адабий сыйлыктын ээси.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Нурсулуу
    “Сен баары бир чындык үчүн күрөштүң,
    Мен эч кимге калп айтпадым бул жылы’

    Дагы бир мыкты ыр!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген