* * *
Эмнеге жалбырактай
күздөгү, дирилдейсиң?
Качанкы махабатты,
күүлөнтүп, ийиндейсиң.
Эскергим келбейт менин,
өзүңдөн качам неге?
Өрттөнгөн сүйүү болгон
ал сүйүү жазам беле?
Козгобо кеч баарысы,
өрттөнүп күйүп бүткөм.
Көөдөн бош, көкүрөк бош,
Мен сени сүйүп бүткөм!
Акын. 1958-жылы Токтогул районунда туулган. 2 ыр китептин автору.