Антон Чехов: “Чортон балык”
(аңгеме)
Жайкы таң. Айлана тыптынч; жээкте бир гана чегирткенин чырылдаганы, кайсы бир жерде бүркүттүн баласынын чыйпылдаганы угулат. Асманда чачылган кардай ак булуттар кыймылсыз каалгыйт… Жаңы курулуп жаткан сууга түшүүчү жайдын жанында, талдын жашыл бутактарынын түбүндө бойлуу, арык, тармал, кызыл чачтуу, бетин сакал-мурут баскан жыгач уста Герасим сууда бышылдап, энтигип, көзүн ирмегилеп, талдын тамырларынын түбүнөн бир нерсени сууруп чыгууга тырышып жатты. Бетинен тери куюлат. Герасимден бир сажындай арыраакта сууга кекиртегине чейин кирип, жыгач уста Любим жүрөт. Ал – чапжаак, бүртүйгөн кытай көздүү, бүкүр жаш жигит. Герасим да, Любим да көйнөк-дамбалчан. Экөө тең көгөргүчө үшүп, аябай чарчашкан, анткени сууда жүргөндөрүнө бир сааттан ашкан…
– Эмне эле колуңду салаңдатып турасың?! – дейт калтырап-титиреген бүкүр Любим кыйкырып. – Ой акмак десе! Катуу карма аны, карма, антпесе качып кетет! Энеңди! Карма дейм!
– Качпайт… Кайда качмак эле? Тамырдын алдына кирип кетти… – дейт Герасим тамагынан эмес, курсагынын түбүнөн чыккандай күркүрөгөн жоон үнү менен. – Сыймалак экен, энеңди, кармай албай жатам.
– Бакалоорунан карма, бакалоорунан!
– Бакалоорун таба албай жатам… Токто, бир жеринен кармадым… Эриндеринен кармадым окшойт… Тиштеп алды, энеңди!
– Эриндеринен тартпа, тартпа – чыгып кетет! Бакалоорунан карма дейм, бакалоорунан! Кайра эле колуңду салаңдатасың! Эх, мээси жогум ай, тобо кылдым! Карма!
– «Карма» эми… – Герасим аны туурайт. – Командир боло калганын мунун… Өзүң келип кармабайсыңбы, бүкүр шайтан… Эмне карап турасың?
– Кармай ала турган болсом кармабайт белем… Мына бу боюм менен кантмек элем? Бул жер терең!
– Терең болсо эмне экен… Сүзүп кел…
Бүкүр колун шилтеп, Герасимге сүзүп келип, бутактын бирине жармашты. Бутуна турмакчы болуп биринчи эле аракетинде сууга башы менен чөмүлүп, көбүктөрдү чыгарды.
– Терең дебедим беле! – дейт ал көзүнүн агын айландыра ачууланып. – Мойнуңа чыгып алайынбы, эмне?
– Мына бул бутакка турбайсыңбы… бутактар көп го, шатыдай эле…
Бүкүр согончогу менен жоон бутакты таап, бир нече бутакты тутамдай кармап, өйдө болду… Тең салмактуулукту сактап, жаңы позицияга орношкон соң, эңкейип, оозуна суу киргизбөөгө аракет жасап, оң колу менен тамырлардын арасын сыйпалай баштады. Бактын тамырын каптаган майда балырлардан тайгаланып, колу рактын кылтыйган кырдуу кыпчууруна тийди…
– Бул жерде сен эле жетишпей жаттың эле, энеңди! – деди Любим ачуулана, ракты жээкке ыргытып.
Акыры колу Герасимдин колуна тийип, төмөн карай жылып отуруп, нымдуу, муздак бир нерсеге туш болду.
– Мы-ына!.. – Любим жылмаят. – Зор экен, энеңди… Манжаларыңды ача кал, мен азыр… бакалоорунан… Токто, чыканагың менен түртпө… Азыр мен… кармап алайын… Колум жетпей жатат… Тамырдын түбүнө терең кирип кетиптир, кармарга да жер жок… Башына жете албайсың… Тулку бою эле билинет… Мойнумдагы чиркейди өлтүрчү, канымды соруп бүттү энеңди! Мен азыр… бакалоорунун түбүнөн… Капталынан кел, түрт аны, түрт! Манжаң менен түрт!
Бүкүр жаагын чулчуйтуп, демин ичине алып, көзүн чекчеңдетип, манжаларын бакалоорунун түбүнө киргизип жаткансыды. Бирок ушул тапта сол колу кармап турган бутактар сынып кетип, тең салмактуулугун жоготуп, сууга «чулп» дей түштү! Чочугандай болуп, жээктен тегерек толкундар тарап, ал кулаган жерден көбүктөр пайда болду. Бүкүр сүзүп чыгып, бышкырып, кайрадан бутактарды кармады.
– Чөгүп өлөсүң, шайтан, сен үчүн жооп берип калбайын!.. – дейт Герасим карлыккан үн менен. – Чык суудан, жоголчу ары! Өзүм сууруп чыгам!
Уруш-талаш башталды… Күн ачуу тийип жатты. Көлөкөлөр, үлүлдүн кабыгына кирип бараткансып кыскарууда… Күн нуруна жылынган бийик чөптөр өзүнөн жыпар жыттуу, таттуу бал жытын чыгарат. Шашке ооп калды, ал эми Герасим менен Любим дагы эле талдын түбүндө жүрүштү. Күрүлдөгөн жоон үн менен чыңкылдаган тенор жайкы күндүн тынчтыгын тынымсыз бузууда.
– Бакалоорунан тарт, тарт! Токто, мен бул жагынан түртүп жиберейин! Ой, кайда кирип баратасың чоң муштумуң менен? Муштумуңду эмес, манжаңды сал, эби жок! Капталынан кел! Сол жагынан кел, сол жагынан, сырткарыраакта аң бар! Чочконун оозуна кабыласың! Эрининен тарт!
Аңгыча шапалактын тарс эткен үнү угулду… Жээктеги тилке менен суу ичкени койчу Ефим айдаган мал чубап келе жаткан. Бир көздүү, оозу кыйшайган карыган койчу башын шылкыйтып, бут алдын карап жайбаракат малдын артында. Жээкке биринчи болуп койлор, алардын артынан жылкы, жылкылардан кийин уйлар келди.
– Түбүнөн түртүп көрчү! – деген Любимдин үнүн укту ал. – Манжаңды киргиз! Чоң жиндим, дүлөйсүңбү эмне? Тьфу!
– Ал жерден эмне издеп жатасыңар, бир туугандар? – деп кыйкырат Ефим.
– Чортонду! Эч сууруп чыга албай жатабыз! Тамырдын түбүнө кирип кетти! Капталынан кел! Кел, кел!
Ефим бир мүнөт балыкчыларды бир көзү менен карап турду да, андан соң чокойлорун чечип, далысынан баштыкчасын ыргытып, көйнөгүн чечип ыргытты. Дамбалын чечкенге чыдамы жетпей, колдорун тең салмактап, дамбалчан сууга кирди… Суунун ылай түбү менен элүү кадамдай барат да, андан соң сүзүп жөнөдү.
– Токтогула, балдар! – деп кыйкырат ал. – Токтогула! Жөн эле сууруп чыкпагыла, качырып жибересиңер. Ыгын табыш керек!..
Ефим усталарга кошулду да, үчөө тең бирин-бирин чыканак, тизелери менен түртүп, бышылдап, сөгүнүп, бир жерде таптап жатышты… Бүкүр Любим сууга чакап, катуу жөтөлдү.
– Эй, койчу кайда жүрөт? – деген жээктен кыйкырык угулат. – Ефи-им! Койчу! Кайдасың? Мал бакчага кирип кетти! Айда, бакчадан айда! Айда! Бул каракчы кайда жүрөт?
Эркектердин үнү, андан соң аялдын үнү угулду. Андреевдин бакчасынын тосмосунун артынан перс шалынан тигилген халат кийген, колунда гезити бар бакчанын ээси Андрей Андреич көрүндү… Ал дарыядан чыккан кыйкырыктарга суроолуу карап, андан соң сууга түшүүчү жайга карай бат-бат басып жөнөдү…
– Бул жерде эмне болуп жатат? Ким кыйкырып жатат? – деп сурады ал талдын бутактарынын арасынан балыкчылардын баштарын көрүп. – Бул жерде эмне кылып жатасыңар?
– Ба… балык кармап жатабыз… – дейт Ефим башын көтөрбөй.
– Сага азыр көрсөтөм балыкты! Мал бакчага кирип жатса, бул балык дейт!.. Сууга түшүүчү жай качан даяр болот, шайтандар? Эки күн болду иштеп жатканыңарга, кана ишиңер?
– Да… даяр болот… – дейт Герасим кобуранып. – Жай узак, дагы жетишесиз жуунганга, улуу урматтуум… Пфррр… Мына бул чортонду кармай албай жатабыз… Тамырдын түбүнө кирип алыптыр, ийинге кирип алгандай: тигиндей кылсак да, мындай кылсак болбой жатат…
– Чортон? – деп сурады барин, көздөрү жалтырай түшүп. – Анда тезирээк алып чыккыла!
– Ии, элүү сом берерсиз… Чоң чортон, сиздин байбичеңиздей эле бар экен… Кармап чыгабыз, улуу урматтуум, элүү сом… мээнетибиз үчүн… Мыжыкпа аны, Любим, мыжыкпа, антпесе кыйнап өлтүрөсүң! Алдынан түрт! Тамырды өйдө тартчы, жакшы киши… атың ким эле? Өйдө, ылдый эмес, энеңди! Бутуңду кыймылдатпа!
Беш мүнөт, он мүнөт өтөт… Бариндин чыдамы кетти.
– Василий! – деп кыйкырат ал үйгө карай бурулуп. – Васька! Мага Василийди чакыргыла!
Тез эле мурутчан кучер Василий чуркап келди. Ал оозунда майпаңдап бир нерсе чайнап жүргөн экен, күйүгүп алыптыр.
– Сууга түш, – деп буйруду ага барин, – буларга чортонду кармап чыгууга жардам бер… Чортонду алып чыга албай жатышат!
Василий бат эле чечинип, сууга кирди.
– Мен азыр… – дейт ал кобурап. – Чортон кайда? Мен азыр… Биз муну заматта! А сен кетсеңчи, Ефим! Сага бул жерде эмне бар, карыган эле киши, өзүңдүн ишиң жок нерсеге киришип! Кайда жүрөт чортон? Мен аны азыр… Мына ал! Колду коё бергиле!
– Эмнеге колду коё беребиз? Өзүбүз билебиз: колду коё бергиле! А сен кармап көрчү, кыйын экенсиң!
– Эмне, аны ушинтип кармайсыңарбы? Башынан кармаш керек!
– Ал эми башы тамырдын алдында! Белгилүү да, акмак!
– Итче үрбө, антпесе таяк жейсиң! Энеңди!
– Барин мырзанын жанында ушундай сөздөр… – дейт Ефим кобурап. – Кармай албайсыңар, бир туугандар! Башын аябай тыгып алыптыр!
– Токтогула, мен азыр… – дейт барин да, шашылыш чечине баштайт. – Төртөөң тең акмаксыңар, бир чортонду кармап чыга албайсыңар!
Чечинип бүтүп Андрей Андреич денесин бир аз суутуп, сууга кирет. Бирок анын киришкенинен да эч нерсе өзгөргөн жок.
– Тамырды кыйыш керек! – дейт акыры Любим. – Герасим, балтага барып кел! Балтаны бергиле!
– Колуңарды чаап албагыла! – дейт барин сууда балтанын тамырга тийген үнү угулганда. – Ефим, жогол бул жерден! Токтогула, мен чортонду алып чыгам… Силер туура эмес…
Тамыр кыйылды. Аны бир аз сындырышты да, Андрей Андреич чоң кубаныч менен манжалары чортондун бакалоорунун түбүнө кирип жатканын сезди.
– Таптым, бир туугандар! Чогулбагыла… ары тургула… таптым!
Суунун бетине чоң чортондун башы, андан соң анын кара, бир аршиндей тулкусу көрүндү. Чортон куйругун кыймылдатып, чыгып кетүүгө тырышып туйлап жатты.
– Шоктугуңду кой… Жок, бир тууган. Кармалдыңбы? Болду!
Бетинде балдай таттуу жылмаюу пайда болду. Бир мүнөт жымжырт суктануу менен өттү.
– Ажайып чортон! – дейт Ефим моюнун кашып. – Он фунттай бар болуш керек…
– Ооба… – деп макул болду барин. – Нык семириптир. А… ах!
Чортон кокусунан куйругун өйдө карай кескин кыймылдатты, балыкчылар катуу «чулп» эткен үндү угушту… Баары колдорун жайып калышты, бирок кеч болуп калган эле; чортондун изи да жок эле.
Которгон Абийрбек Абыкаев
