Жылдыр бери, сал, сал!
Куран окуткан жер. Кафенин 12 кишилик үстөлүндө он бир эркек, жалгыз аял. Тамак желип бүтүп, молдоке кайталап куран окуй электе эле мырзалар ортодогу дасторконго чабуул коюшту. Көкбөрү тарткандай тарбайган колдору менен ортодогу тамак-ашты тымтыракай тытып киришти.
– Жылдыр бери! Сал, сал! Мага тетиги жүзүмдөн, анан бөлүчкөдөн таштап койчу! Эй, боорсоктон салбайсыңбы? Ме, мобу жүндүбайдын (ананас) бирин сен ал! – дешип, алеки саатта дасторкондун бетин жылан сыйпагандай тыптыйпыл тазалап коюшту.
Бул ишти аялдар кылса анчалык билинбейт тура.
