|

Бактылуулук…

5/5 - (4 добуш)

(Балдарыма)

Турмуш баарын коёт өз-өз ордуна,
Тагдыр тандап берет басаар жолду да.
Жашоо деген улуу дайра, улуу жол,
Садагалар, ал жолдо эсен болгула.

Жылдар болсо азоо тулпар сыяктуу,
Башыңарга салаар далай сынакты.
Утурумдук кыйындыкка кайыгып
Унутпагыла намыс-арды, уятты.

Агымында ошол улуу дайранын
Коштоочусу – кубаныч да, кайгы анын.
Ала салып кетиш оңой, себеби,
Көз ирмемдик биздин өмүр – бул да агым.

Ошол жолдо адам түркүн кубулат,
Бакыт издеп ары-бери урунат.
Улуу бакыт адамдарга берилчү
Улуулуктан, уят, ардан курулат.

Байлык, дөөлөт келсе дагы алдыңа,
Бир кубантып, бир түшүрөт кайгыга.
Бактылуулук – адам болуу, андыктан
Эң башкысы, адам бойдон калгыла…

  • Акын, жазуучу, журналист. 1967-жылы Нарын облусунун Жерге-Тал айылында туулган.

    “Атам жөнүндө дастан”, “Өмүрдөн өрүлгөн ыргактар”, “Бир аяк жол”, балдарга арналган “Менин энем космонавт” аттуу ырлар жыйнагынын жана бир нече аңгемелер жыйнагынын автору. 10дон ашуун илимий-документалдуу китептердин түзүүчүсү, автору, редактору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген