|

Ак кайың

5/5 - (3 добуш)

Түн оокуму курчап тоону, айылды,
Караңгылык айланага жайылды.
Жигит турат караңгыга карабай,
Көзөмөлдөп гүлбакчаны аралай,
Селки менен жолукчу ак кайыңды.

Түнкү желге жалбырактар шуудурап,
Ырдагансыйт обон салып, күү курап.
Түн жарымы жигит күтөт кетпестен,
Гүлүн кармап ой учуна жетпестен,
Айлана тынч кайың турат тунжурап.

Селки келди үндөбөстөн шашылып,
Арттан келип кучактады ашыгын.
Колдорунун жумшактыгы мамыктай,
Жүрөк чиркин туйлады го балыктай,
Көздөр күлдү таң нурундай чачылып.

Кучакташып, ыктап бири бирине,
Үнсүз, сөзсүз көздөр турду тигиле.
Мөлтүрөгөн тамчысындай деңиздин,
Бакта өскөн мөмөсүндөй жемиштин,
Байлангансып махабаттын жибине.

Бул көрүнүш ак кайыңга жакчу эле,
Кыз-жигиттен бир көркөмдүк тапчу эле.
Кийинчерээк алар келбей калышты,
Куса кылып ак кайыңды сагынтты,
Суук көздөн жашырып бек катчу эле.

Селки күткөн бозойлорго окшошуп,
Жалбырактар ыргалышат жоктошуп,
А кыз-жигит үй-бүлөгө айланып,
Бактысын таап, ак сүйүүгө байланып,
Кеткен эле кайың менен коштошуп.

  • 1971-жылы Ат-Башы районунда туулган. Ыр жазууга кызыгат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген