Каарманыма
Бир бурчуна күүгүм салып көңүлдүн,
Эмне мынча буулуктуң да төгүлдүң.
Отко ыргытып, сууга салган оопасыз,
Катаалдыгын билесиң да өмүрдүн.
О, курдашым кайратыңдан жанба да,
Каарманына айланып кет бир ырдын.
Көлкүлдөгөн көз жашыңдан не пайда,
Кайрат кайда, сабыр кайда, күч кайда?
Дирилдеген дилиң көксөйт чындыкты,
Жан ооруткан дооматчылар бар жайда.
Күндү күтүп, түндү сүргөн тирүүлүк,
Түйшүгүнөн чыгалбайбыз жан барда.
Ийги тилек, үмүт, максат дем берген,
Эриш-аркак ак-карасы тең келген.
Өмүр таттуу, өмүр шаттуу, жалганчы,
Желкеге чаап, бешигинде термеген.
Татаалдыктан тайып кетпей жүрөбүз,
Мүнөз күтүп зыңгырап сыр бербеген.
