|

“Убакыт жок, наалып, ушактаганга…”

1/5 - (1 добуш)

* * *

Убакыт жок, наалып, ушактаганга,
Убакыт жок, кейип, бышактаганга.
Бир мээримге муктаждыгым бар,
Уруксат бер, сени кучактаганга.

Одиссейдей болдум жолдо жоголгон,
Кемелери кыйрап, арып, тонолгон.
Жан дүйнөмө жакын жалгыз өзүңсүң,
Сактап калчу турмуш бороондон.

Махабатым бар ичке сыйбаган,
Жалгыздыгым бар жанды кыйнаган.
Ырларым бар эч ким окуйлек,
Жан сырым бар өзгө туйбаган.

Душман турат, даяр бычактаганга,
Шайтан турат, даяр тузактаганга.
Бир сүйүүгө муктаждыгым бар,
Уруксат бер, сени кучактаганга.

  • Акын, котормочу, журналист. Бир катар эл аралык, республикалык адабий сыйлыктардын ээси.  “Көчмөн дүйнө” аталышындагы ыр жыйнагы чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген