|

Мезгил

3.7/5 - (3 добуш)

Мезгил өзү – токтобогон узун жол,
Биз адамдар ошол жолдо конокпуз.
Желдей учкан убакытка баш ийип,
Бул турмуштун агымында мокоппуз.

Көз ирмемде жылдар учат билинбей,
Кээде күлүп, кээде муңга чөгөбүз.
Дарактагы жалбырактай дирилдеп,
Өмүр жазы өтүп кетсе келет күз.

Өмүрүңө өчпөс элес калтырып,
Өткөн күндөр жомок сымал алыстайт.
Эртеңкинин эшик-төрүн ачтырып,
Сезимдерге үмүт, жарык багыттайт.

Тагдыр бизди ар тарапка таратып,
Жолуктурат туулган жердин чегинен.
Өтүп кеткен жаштыгыңды саматып,
Билген жаман өмүрүңдү кемиген.

  • Драматург, киносценарист, педагог. Үч ырлар жыйнагы, бир проза китеби жарык көргөн. Адабий жогорку курстун угуучусу.

    Авторго колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген