| |

Мукагали Макатаев: “Кат”

3/5 - (2 добуш)

Сага тааныш адыр, кырка беттеги
Жылгын, шыбак, табылгылар көктөдү.
Жаркып турат ичи-сырты айылдын,
Жаным, келип кандырсаңчы көксөөмдү. 

Жалгыз өзүң сагынарым бир гана,
Учуп келди карлыгач да, турна да,
Аңыр дагы жумурткалап үлгүрдү,
Кечээ экөөбүз ойноп жүргөн жылгада. 

Эң алгачкы жамгыр өттү себелеп,
Алда качан гүлгө конду көпөлөк.
Байлык, бакыт бардыгы бар айылда,
Аттиң, жаным, сен гана жок. Не керек? 

Казакчадан оодарган Бурулкан САРЫГУЛОВА

  • (1931–1976)

    Казак элинин атактуу акыны, жазуучусу жана котормочусу. Ал 20-кылымдын экинчи жарымындагы казак поэзиясынын өнүгүшүнө зор салым кошуп, адамдын сезимдерин, жаратылышты жана мекенди терең чагылдырган ырларды жараткан.

  • Акын, журналист.

    «Алтын калем» жана «Алыкул Осмонов атындагы» адабий сыйлыктардын ээси, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун, Евразия, ТүркСОЙ жазуучулар бирикмелеринин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген