Эски дептер
Жолукчу күн келиптир экөөбүзгө,
Күз түшкөн кезде бирдей көчөбүзгө.
Бир жанды саргайгыча күтүү деген
Башынан жазылыптыр чекебизге.
Саргайып бүтүптүрсүң данакерим,
Унута жаздапмын да бар экениң.
Арзуумдун даап жанына бара албаган
Сен тилсиз, мен бир баёо бала экемин…
“Бүттү!” – деп кайсы жылы чечтим эле,
Көлдөтүп көз жашымды төктүм эле?
Эсиме келбей турат кайсы күнү,
Бул жерге сени катып кеттим эле?
…Күбүлүп баратат деп күлгүн кезим,
“Арзыдым!” деген жанга колду бердим.
Кунарсыз кур кыялдан чарчадым да,
Түйшүгү түмөн күндү көздөй бездим.
Экөөбүз бүт ааламды бийлечүдөй
Эңсеген күндөр жиксиз. Биз кечилдей.
Калтаарып турам сени кармай албай,
Өткөнүм бүт алдыма “күр” дечүдөй.
Арзууда балкып, үмүт канча жанды!
Агарттык тилек менен далай таңды.
Кыялдан канат жасап, күүлөп турган,
Кыярбас ал күндөрдүн сенде жаны.
А менби? Бозду жылдар, тозду ыраң,
Тирүүлүк тириликке сүйрөп улам.
А бирок өзүң билген дарт айыкпай,
Мен дале Арзуу деген жолдо турам.
