Тоодогу кыш
– Быйыл кыш узакка созулду, –
деп досум кобурап отурду.
Убакыт токтогон шекилдүү,
Термелет таза аба шоокуму.
Мелтиреп чокусун кар баскан
Тоолордо жай-кышы мал баккан.
Курбумдун айтканы ойлонтот
Мемиреп, чарбасы жай жаткан.
Суулары сай менен толо акчу,
Булоолоп муз баскан булакты.
Чын эле убакыт токтоптур,
Сайдагы тоңгон суу сыяктуу.
…Калаада, кыйсыпыр түшүргөн,
Демигип баса албай түтүндөн.
Таң атса, кайра эле күн батып,
Жасаган ишиң жок бүтүргөн.
Кышка да, ышка да таң калбай,
Жолуксак бир мүнөт кармалбай.
Кайдадыр калдастап шашабыз
Бакыттан кур калган жандардай.
Көчөөдө жыла албай тыгындан,
Унаалар, адамдар сыгылган.
Жашоого жетишпей келебиз,
Жыл эмес, күн болуп кылымдар.
…Калаган мешине отунду,
Караймын астыртан досумду.
Кобурайт ал болсо бейкапар:
– Кыш быйыл узакка созулду…
