|

Туулган күндөгү ыр

5/5 - (3 добуш)

Быйыл да үй баштабадык,
Балам дале үйлөнө элек.
Жылдар болсо өтүбатат…
Билбейм, ким же эмне себеп?
Бар билгеним –
Жылдар менин сөзүмдү укпайт,
Балам менин тилимди албайт.

Бүт өмүрлүк айланды маселеге
Баары үнсүз сурайт менден
Качан, качан, качан, качан, качан?
Билбейм, жообун угам кимден?
Өзүм айтар жооптон качам.

Быйыл да үй баштабадык,
Билбейм канча өмүр калды?
Таң атат да, күндөр батат.
Бет алдымда суроо турат…
Бүт дүйнөлүк…

Мени бүгүн кызыктырбайт.
Бактылуулар кандай жашайт,
Кандай адам кабат-кабат үй курат да,
Үстү-үстүнө машина алат?
Мени булар кызыктырбайт.

Калган өмүр жетер бекен үй салганга?
Небере жыттаганга?
Калган өмүр жетер бекен?
Тирүү адам ойлонбой койбойт экен,
Аргасыз ойлойт экенсиң.
Эрте-кечте…
Жообум жок бир суроого,
акылым жетпей такыр кыжалатмын.

25.09.2026

  • Журналист, акын, эссеист, сынчы, котормочу. Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү. КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана Адабият институтунун изденүүчүсү.

    «Кароол чоку» (1999), «Бүтпөгөн жол» (2001), «Тоолор кулабайт» (2012), «Жети күн» (2013) ырлар жыйнактары, «Бек» проза жыйнагы (2012) жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген