|

“Улуу, улуу, укмуш улуу Үнсүздүк…”

4/5 - (4 добуш)

* * *

…Улуу, улуу, укмуш улуу Үнсүздүк,
Сен экөөбүз сырдашабыз түбөлүк.
Мен шыбырап, сен унчукпай тыңдаган,
Күндөр мага жашоо болор миң күндүк…

Мени эмнени көрдү дейсиң жашоодон,
– түстүү кыял… туна чөккөн, жоголгон.
Келбей жатып кетчү жолун ойлогон,
коркчу элем максаты жок жашоодон.

Өз ичимде алоолонгон От дүйнөм,
Өзүмдү өрттөп баратсаң да өчүрбөй,
аруу күндөр, ак күндөрдө из калды,
асманыңда жамгыр калды төгүлбөй.

Эми кимдин түшкүм келбейт эсине,
Эстегим да келбей, билбей эч кимди,
тунжураган жымжырттыкты пааналап,
тунуп турам. Жалын түстүү кеч кирди…

“Эстегим эч келбей сүйүү бардыгын,
эй, тирилик… багытыңа жол алдым…
…Мен таалайлуу ирмемдердин изин кууп,
Тагдырымда билем, кээде жаңылдым.

…жасалгалуу шум мезгилге окшогон
жандар сени көргүсү жок сен бойдон.
Кете албадым тентип, безип, жоголуп…
Кабыл албайт, турмуш мени мен бойдон.”

Ойлогум эч келбейт сүйүү бардыгын,
О, Үнсүздүк, үнсүз сага куладым.
Ушул бойдон кабыл алсаң, кабыл ал,
Уу дүйнөңдөн кечип турган убагым..!

Улуу, улуу, укмуш улуу Үнсүздүк,
Биз экөөбүз сырдашабыз түбөлүк…

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген