|

Акынга

4.7/5 - (21 добуш)

Бир жолуңду тапканга окшоп турмуштан,
бир Теңирден алганга окшоп жообуңду.
Тескей жакта көктөп турдуң, кургур жан,
көксөп турдуң, көчүрмөсү жок ырды.

Тушалганда, өз оюңа тушалып,
өзүңө өзүң зындан болдуң, ор болдуң.
Бул дүйнөгө өчөшкөндө, күч алып,
коргонгондо, бул дүйнөдөн коргондуң.

Дүйнө менен кошо карып, эскирип,
көрбөй калдың, кургур, андан бөлөктү.
Ак-караны ажыратам деп жүрүп,
көз алдыңда көп түстөрдүн өңү өчтү.

Бул дүйнөнүн кучагына ким сыйган,
ким батырган кучакка ошол кеңдикти?
Кудай сени куру коюп сыйкырдан,
Кудай урган тараптарга ээрчитти…

Жолуң улам же бошобой ыр-чырдан,
же жашоонун урчугуна урунат.
Жарда туруп жардам сурап кыйкырсаң,
өз добушуң кайра өзүңө угулат.

Өз добушуң кайра өзүңө угулат,
жалгызсың сен – тогуз жолдун тоомунда.
Болбой эле эт жүрөгүң сыйынат,
не кагазда, не ааламда жок ырга.

Не тагдырың бирде күйүп, бир тоңуп,
не тагдырга ылайыктап ой табат…
Сенден калса, ый болуп да, ыр болуп,
жар башында жалгыз аяк жол калат…

Жашоону уурдайт, жазың уурдайт, жаш уурдайт,
оо, бул жолдун мыйзамы ушул, шарты ушул.
Оор ойлорду орун алган башыңдан,
айтпасаң да, айтсаң дагы жартысың.

Бир жолуңду тапканга окшоп турмуштан,
бир Теңирден алганга окшоп жообуңду.
Тескей жакта көктөп турдуң, кургур жан,
көксөп турдуң көчүрмөсү жок ырды.

  • Акын, котормочу. М. Горький атындагы адабият институтунун Жогорку адабият курсун аяктаган. “Алыстагы ак жарык” жана “Дүйнөлөшүм” аттуу ырлар жыйнактары, Нуриза Өмүрбай менен биргеликте жазылган “ Кат турмуш” аттуу эпистолярдык жанрдагы повести жарык көргөн. "Михаил Мушфиг" атындагы эл аралык, "Алтын калем" жана "Жолон Мамытов" атындагы адабий сыйлыктардын ээси.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Акынга
    Ак караны ажыратам деп жүрүп,
    Көз алдымдан көп түстөрдүн өңү өчтү…

    Гургубаева Нарсулуу азамат!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген