|

“Сени көрө элегиме көп болду…”

5/5 - (2 добуш)

* * *

Сени көрө элегиме көп болду,
Бирок, зээним сени издебейт негедир.
Күн менен түн кезиге албайт,
Бири-биринен бөлүнбөйт.
Ошол балким экөөбүздүн денедир…

Билесиңби? Сен кайдасың мен үчүн,
Оң ийнимде олтурасың
Мен жөнүндө Кудай менен сүйлөшүп.
Бирде аны ойго чөмуп угасың,
Бирде ага сүйүү эмне үйрөтүп…

Сенче эч ким билбейт бирок сүйүүнү,
Анткени сен өзүң бүтүн сүйүүсүң.
Сага кудай берген экен ченебей
Эмне жакшы болсо ушул жарыкта
Бардыгынын үлүшүн.

Сен жөн эле пенде эмессиң бир келген,
Жаныңдан оов, пейлиңден оов ийменген.
Сен өнөрсүң, сен обонсуң өзгөчө
Жараткандын жүрөгүндө иргелген.

Ишенбессиң,
Сен өзүңдү али тааный элексиң.
Арзуу, арзуу, арзуу үчүн бир атың
Керек болсо
Кудайга да керексиң.

Билесиңби?
Сен мен үчүн кайдасың?
Жалын болуп жанымды миң сурдөтүп,
Оң ийнимде олтурасың
Кудай менен сүйлөшүп.

7.11.2026

  • Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт айылында туулган. КУУнун Кыргыз филология факультетин бүтүргөн. "Нурборбор" чыгармачыл бирикмесинин мүчөсү болгон.

    "Сырдуу дарак", "Үн", "Кыял", "Сезимбий" аттуу ыр жыйнактарынын автору. КР Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Сенче эч ким билбейт бирок сүйүүнү,
    Анткени сен өзүң бүтүн сүйүүсүң…

    сонун саптар!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген