| |

Светлана Суслова: “Кичинекей жүрөк”

5/5 - (2 добуш)

Мөңгүдөн сууга чейин айгайлаган –
Тянь-Шаным чексиздикке берет айбат.
Жоондугу үч кулачтай карагайлар
Жүрөккө кичинекей кантип батат?

Унутпай кантип сактайт Тянь-Шанымдын
Жаздагы жыпар жыттуу ар-бир саатын,
Ар бирин бүктөмдөрдүн, бырыштардын,
Ным жыттуу алакандай жалбырактын?

Кантип ал жетише алат байкаганы
Уктабас гүлдөрүмдүн көз жаштарын,
Асмандын жайкы таңда агарганын,
Шедеврин көзирмемдик булуттардын?

Тянь-Шаным, миң кубулган сыйкырчысың,
Тойго жөн чакырбадың жүрөктөрдү:
Муштумдай жүрөк – аалам уч кыйырсыз,
Жепжеңил батыра алат жүз дүйнөнү.

Которгон Марат Токоев

  • КР эл акыны, белгилүү котормочу жана «Литературный Кыргызстан» журналынын башкы редакторунун орун басары. Ал 10дон ашык өзүнүн ыр китептеринин автору болуу менен бирге, улуу кыргыз акындарынын чыгармаларын жана «Манас» эпосун орус тилине жогорку чеберчиликте которгон.

  • Марат Токоев
    Котормочу:

    Журналист, акын, котормочу. 2021-жылы "Сүртүмдөр" ыр жыйнагы жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген