| |

Жалаладдин Руми: “Бир таш болуп өлгөн элем”

5/5 - (2 добуш)

* * *

Бир таш болуп өлгөн элем,
чөпкө айландым таралып.
Чөп катары өлгөн элем,
жандык болдум жаралып.
Жандык болуп өлгөндөн соң,
адам болдум кайра эле.
Андай болсо өлүмдөн да,
коркмок элек эмнеге?
Адам болуп өлгөндөн соң,
периштеге айланам,
нур сыяктуу алып учуп,
Жаратканга байланам.
Баркыраймын бир жан болуп,
билинбеген эч кимге.
Жаркыраймын жылдыз болуп,
өмүр, өлүм үстүндө.

Которгон Толук Бек Байзак

  • XIII кылымда жашап өткөн улуу перс акыны, ойчул жана суфий. Ал сүйүү, руханий тазалануу жана адамгерчилик темаларына арналган «Маснави» аттуу дүйнөгө белгилүү чыгармасы менен таанымал.

  • Котормочу:

    Акын, котормочу, журналист. Бир катар эл аралык, республикалык адабий сыйлыктардын ээси.  “Көчмөн дүйнө” аталышындагы ыр жыйнагы чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген